Казакстандык локомотивдер экспорту

Казакстанда чыгарылган электровоздор Азербайжандын темир жолдорунда жүрүп баштады. Азырынча алардын саны эки. Келишим боюнча, ата мекендик завод бул өлкөгө жалпы 50 электровоз жөнөтүүсү керек. Казакстанда жасалган техниканын сапатына Азербайжан адистери жогору баа берип жатышат. Алар, өлкөдөгү темир жол аркылуу жүк ташуу көлөмү алгылыктуу өсөт деген пикирде.

ЯДИГАР ШИРМАМЕДОВ, БАКУ ЛОКОМОТИВ ДЕПОСУНУН БАШЧЫСЫ:

- Бул электровоздор жакында Казакстандан алынып келинди. Азыр аларды текшерип жатабыз. Мурункулардан айырмачылыгы – кубатты аз жумшап, көбүрөөк вагон тарта алат. Абдан үнөмдүү электровоздор. Машинисттин кабинасы заманбап шаймандар менен жабдылган.

Жүргүнчү локомотив саатына 160 чакырым ылдамдык менен жүрүүгө жөндөмдүү. Модулдук жасалгасынын аркасы менен ал өтө бекем. Аз бузулат, пайдалануу мезгилиндеги чыгымы да көп эмес. Аларды өздөштүрүү үчүн машинисттер атайын окуудан өтүшкөн.

ВАГИФ МУСАЕВ, МАШИНИСТ:

- Мурунку локомотивдердин ылдамдыгы саатына 100 чакырым болгон. Ал эми жаңылардыкы саатына 160 чакырымды түзөт. Мындан сырткары, локомотивдер эки системалуу. Туруктуу жана өзгөрмө ток менен иштейт. Эски локомотивдер 15 вагон тартса, буга 25 вагон кошсо болот.

Ушул локомотивдер Баку-Тбилиси-Карс багытында да колдонулат. Азыркы тапта аларды сыноо жүрүп жатат. Ал эми кийинки жылдан баштап казакстандык электровоздор өлкө аймагы боюнча жана чет өлкөлөргө жүргүнчүлөр менен жүктөрдү ташый баштайт.