Жол курулушуна инвесторлорду тартуу

Казакстан унаа тармагын жигердүү өнүктүрүүдө. Өлкө ушул тармактагы бир катар келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар. Сеулда ааламдык инфраструктураны өнүктүрүүгө арналган конференцияда унаа ташуу тармагындагы инвестициялык долбоорлор тааныштырылды. Белгилеп айтсак, Казакстандын долбоорлорун даярдоо фондунун жеңил рельстүү транспорттун жана Алматыны айланып өтө турган темир жолдун курулушу, ошондой эле, Түркестан облусу боюнча жол курулушу туурасындагы долбоор сунуштары Корея инвесторлорун көңүл-кош калтырган жок. Чымкент менен Сарыагаш ортосунда жол салууга көзөмөлдөө кийинки жылы өтөт. Божомол боюнча долбоордун жалпы баасы 500 миллион долларга бааланып жатат. Азыркы тапта бардык керектүү документация жана техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыгууда.

АСЛАН БОЛАТОВ, «KAZAKHSTAN PROJECT PREPARATION FUND» БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Биринчиси – бул Өзбекстан менен чек аралаш жердеги шаардын айланып өтүүчү Сарыагаш жолу. Кийинкиси, Чымкент менен Сарыагаш ортосунда салынган жол. Аны менен бирге Чымкентти айланып өтө турган авто жол курулушу. Бул долбоордун максаты – Сарыагаш менен Чымкенттин авто жолдорунун жүктөмөсүн азайтып, түштүк өлкөлөрдөн ташыла турган жүктөрдүн «Батыш Европа – Батыш  Кытай» коридоруна чейин болушунча тезирээк жеткирилүүсүн камсыз кылуу.