«Astana Bastau» ишкердик инвестициялык форуму

Бизнестин чек арасын кеңейтүү, сатуулардын эффективдүү ыкмаларын калыптандыруу, инвестицияларды тартуу жана бизнести санариптештирүү. Заманбап тренддерди эске алуу менен ишкердиктин технологиялык мүмкүнчүлүктөрү Астанада өткөн форумда талкууланды. «Astana Bastau» эл аралык бизнес аянты 16 миңден ашуун катышуучуну чогултту.

НУРЛАН ЖАКЫПОВ, ФОРУМДУН УЮШТУРУУЧУСУ:

- Бул форум – ийгиликтүү инсандардын ийгиликке жетелеген сырларын ачып айта бере турган дем берүүчү тренинг. Форумга катталган ишкерлер шыктанып, ушул тармактагы ноу-хау менен тааныша алышат. Нетворкинг, бизнести санариптештирүү, маркетинг, өндүрүштү онлайн сатуу, тааныштыруу маселелери айтылат.

Акысыз билим берүү долбоору Казакстан, Орусия, КМШ өлкөлөрүнүн мыкты бизнес лидерлерин чогултту. Алардын катарында нетворкинг тууралуу алдыңкы серепчи Гил Петерсил да бар. Анын айтымында, форум Казакстандагы бизнестин өнүгүү жигердүүлүгүн түшүндүрөт.

ГИЛ ПЕТЕРСИЛ, НЕТВОРКИНГ БОЮНЧА СЕРЕПЧИ:

- Азыркы учур Казакстанда ишкердик менен бизнес доору десем болот. Алардын баары эл аралык рынокко чыгууга кызыктар. Жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы шериктештик байланыш орнотууга көңүл бөлүп жатат. Ошондуктан мен адамдарга шериктештик байланышты кандай орнотуу керектигин үйрөтөм. Өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрүн болушунча эффективдүү пайдаланууга көңүл бөлөм.

Эки күндүк форумдун катышуучулары алдыңкы серепчилердин тажрыйбасын үйрөнүү менен эле чектелген жок. Алар болочок ишкерлер өз ишин өнүктүрүү үчүн стратегиялык план түзүүнү да үйрөнүштү. Иш-чаранын уюштуруучулары мындай жолугушууларды салтка айландырууну көздөп жатышат.