Казакстан-Кытай инвестициялык өнүгүү жолдору

Бээжинде Казакстан менен Кытайдын индустриялык-инвестициялык өнөктөштүгүнө арналган иш-чара өттү. Чет өлкөлүк инвестициялардын 10- жарманкесинин алкагында Казакстан экинчи жолу эки өлкө ортосундагы кызматташтыкка арналган сессия уюштурду. Бул жерде ишкердик топ өкүлдөрү Казакстанда инвесторлор үчүн түзүлгөн жеңилдиктер менен таанышып, эркин экономикалык жана индустриялык аймактардагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алышты.

КУАНЫШ АМАНТАЙ, ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫ ТАРТУУ БОЮНЧА УЛУТТУК КОМПАНИЯНЫН КЫТАЙДАГЫ БАШКЫ ӨКҮЛҮ:

- Биздин милдет – эл аралык деңгээлде атаандаштыкка туруштук бере турган кытайлык компанияларды кызыктыруу. Аларды Казакстандын артыкчылыктуу тармактарына кызматташууга тартуу, алардын биздин өлкөнүн инвестициялык долбоорлорго кызыгуусун арттыруу болду.

Ишкерлерге «Астана» эл аралык каржы борборунун иши тааныштырылып, ага катышуучулар үчүн атайын жасалган мыйзам кудурети, жеңилдиктер менен артыкчылыктар тууралуу баяндалды. Жаңы каржы уюмунун аянтында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк мол. Аны менен бирге, сессияда Казакстанда ийгиликтүү иштеп жаткан кытайлык ишкерлер да баяндама жасап, өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

ЯН ЦЗИЕ, ТӨӨ СҮТҮН ИШТЕТКЕН КОМПАНИЯНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Өндүрүштүк өнөктөштүк алкагында өткөрүлгөн бул иш-чара Кытай менен Казакстан ишканаларынын ортосунда көпүрө болот десе болот. Биз азыр  Түркестан облусунда төө сүтүн иштетип, кургак күкүм чыгара турган завод салдык. Жыл аягында толук ишке кошулат. Ал жерде 80 адам жумуш менен камсыз болот. Өндүрүштү Кытайга чыгарсак деген ой бар.

Бүгүнкү күндө Казакстанда негизинен минералдык ресурстар, унаа жана өндүрүштүк инфраструктура боюнча ири долбоорлор ишке ашырылган. Ошондой эле, айыл чарба чийки затын кайра иштетүү жана тамак өнөр жай боюнча казак-кытай биргелешкен ишканалары курулган. Даяр өндүрүштөрдү Кытай рыногуна чыгаруу иштери жүрүүдө.