Казакстан-Кытай: Товар жүгүртүү 13%-га өстү

Кытай менен Казакстан экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүдө. Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү биринчи жарым жылдыкта 13 пайызга өсүп, 8 миллиард 700 миллион АКШ долларын түздү. Мындай маалыматты Бээжинде өтүп жаткан эл аралык  өндүрүш форумунда Казакстандын Кытайдагы элчиси Шахрат Нурышев билдирип, эки өлкө  ортосунда акыркы убакытта биргелешкен ири долбоорлор ишке ашырылып жатканына токтолду. Алдыдагы убакытта заман талабына ылайык жалпы баасы 27 миллиард долларды түзгөн өндүрүш жайлары ишке кошулат. Аны менен бирге, машина куруу, унаа-логистика жана агро өнөр жай комплекстери боюнча да бир нече долбоор ишке ашырылат деп күтүлүүдө.

ЦЗИЯНЬГУО ВЭН, ШАНЬДУН МЕДИЦИНАЛЫК КОМПАНИЯСЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Бул форумга өнөктөш табуу үчүн келдим. Анын ичинде Казакстан, Орусия өлкөлөрү менен биргелешкен дары-дармек өндүрө турган компания курууну көптөн бери көздөп жатабыз. Бизде технология бар. Ал эми Борбор Азиянын климаттык жагдайы дары-дармек өндүрүүгө өтө ыңгайлуу. Биофармацевтикалык өндүрүш Кытай гана эмес, ЕАЭБ рыногунда да суроо-талапка ээ болот.