Казакстандан Украинага 170 миң тоннадан ашуун көгүлтүр отун ташылган

Казакстандан Украинага ташыла турган суюлтулган газдын көлөмү 12 эсеге чейин өсүп, мурда болуп көрбөгөн рекорддук көрсөткүчкө жетти. Акыркы сегиз айдын көрсөткүчү боюнча республикадан Украинага 170 миң тоннадан ашуун көгүлтүр отун ташылган.

АРНУР ТАҢБАЙ, КАЗАКСТАНДЫН УКРАИНАДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Украинанын суюлтулган газ рыногу өтө чоң, ал жыл сайын болжол менен 25-30 пайызга өсүп жатат. Мисалы, ушул газдын түрүн пайдалана турган автоунаалардын саны боюнча Украина дүйнөдө 4-орунда турат. Ошондуктан бул рынок Казакстан үчүн өтө маанилүү. Биз Украинага газ ташууну көбөйтүп жатабыз. Башка жагынан Украина өзү да ушул газдын импортуна өтө көз каранды мамлекет болгондуктан, Казакстан менен карым-катнашты бекемдөөгө кызыктар.

Украиналык авто сүйүүчүлөр казакстандык өндүрүштү баалоого жетишти. Серепчилер экспорттоло турган отундун сапаты менен жеткиликтүүлүгүн белгилешүүдө.

СТАНИСЛАВ БАТРАЧЕНКО, ЕВРОПАЛЫК СУЮЛТУЛГАН ГАЗ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН МҮЧӨСҮ:

- 2018-жылдын 8 айында Казакстандык өндүрүш туруктуу ташылды, бул бизди кубандырат жана рыноктогу баа саясатын туруктуу кармап турууга себеп болууда. Отун рыногунун оператору катары өндүрүштүн сапаты мыкты  деп баа бере алам. Газ - европалык EN 589 сапатына ылайык жана колдонууга пайдалуу, пропанды турмушта колдоно турган элге бөлөк, бутанды автоунаа үчүн бөлөк жаратууга болот.

Бүгүнкү күндө казак газынын Украина рыногуна ташыла турган импорттук үлүшү 30 пайызды түзөт. Өндүрүштү жеткире турган ишкана, трейдерлердин саны онго жетет. Адистер, жыл аягына чейин 200 миң тоннадан ашуун газ жеткирүү менен Казакстан жаңы рекорд коёт деп ишенүүдө.