Казахстан-Грузия кызматташтыгы

Казахстан-Грузия кызматташтыгы

Казакстан менен Грузия өз ара пайдалуу кызматташтыкты жакшыртууну көздөп жатышат. Белгилеп айтканда, тарапташтар унаа-транзит мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө кызыктар. Көз карандысыз көзөмөлдөө агенттигинин вице-президенти Евгений Кришталёвдун божомолунда, Грузиянын өз темир жол каттамы жана деңиз порттору аркылуу Казакстан мунайын ташуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул жагдайда мунай  тармагынын, терминал, унаа-логистика компанияларынын өкүлдөрү биргелешкен кызматташтыкка даяр экенин билдиришүүдө.

ЕВГЕНИЙ КРИШТАЛЁВ, КӨЗӨМӨЛДӨӨ АГЕНТТИГИНИН СЕРЕПЧИСИ:

- Грузия менен Казакстанды логистика жана байланыш жагынан алып карай турган болсок, эки өлкө тең унаа коридорунун карама-каршы жактарында жайгашкан. Казакстан Кытай менен чектеш, бул Кытай товарларынын Каспий-Азербайжан-Грузия аркылуу Европа рыногуна чыга турган туура жолу. Азыркы кезде бул унаа коридорун өздөштүрүү боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат. Унаа ташуу  ассоциациясы курулуп, ага мамлекеттик органдар жана жеке менчик компаниялардын өкүлдөрү кирген. Эки өлкөнүн географиялык жагдайына карай, көлөмү ири жүктөрдү коридорго тартууга зор мүмкүнчүлүгү бар.

Грузия өкмөтүнүн негизги максаты – өлкөнү эл аралык инвестициялык, логистикалык, туристтик жана каржы хабына айландыруу. Тиешелүү деңгээлде узак жылдардан бери инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып келе жатат. Алардын көбү Баку-Тбилиси-Карс темир жолу жана Анаклия деңиз порту сыяктуу Жибек жолунун курама бөлүгү болуп саналат.

ЕВГЕНИЙ КРИШТАЛЁВ, КӨЗӨМӨЛДӨӨ АГЕНТТИГИНИН СЕРЕПЧИСИ:

- Казакстанда жүк ташууларын жол-жоболоштуруу максатында жаңы вагондор менен платформалар сатылып алынууда. Грузияда да ушундай иштер аткарылуу үстүндө. Ири деңиз порту – Анаклия долбоору бар. Ал ири кемелерди кабыл ала турган Грузиянын башкы порту болот. Ушуга ылайык, жүк ташуулары да өсөт.

План боюнча 2021-жылы Анаклия деңиз порту алгачкы кемелерди кабыл алып баштайт. Ал эми Батуми портунун мүмкүнчүлүктөрүн казакстандык мунайдын көлөмүн көбөйтүү аркылуу пайдалануу көздөлүүдө.

ТИМУР ИЛИЯСОВ, АРГУС КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ КӨЗӨМӨЛДӨӨ АГЕНТТИГИНИН КАСПИЙ ЖАНА БОРБОР АЗИЯ БОЮНЧА ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Грузиянын жүк ташуулардын ири көлөмүн тартууга мүмкүнчүлүгү бар. 2021-жылдан кийин Кашагандагы ири мунай комплексинин өндүрүшүн жакшы өстүргөндөн кийин, Батуми деңиз порту аркылуу ташыла турган жүк көлөмү артышы мүмкүн.

Эл аралык серепчилердин пикиринде, Грузия менен Казакстандын логистика тармагындагы кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрү чоң. Бул тармакты өнүктүрүү аркылуу эки тарап транзиттик ташууларды жемиштүү кылууга мүмкүнчүлүк алат.