Мюнхенде Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Мюнхендеги Экономика күнүндө Казакстан аймактарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Атырау, Костанай жана Алматы облустары Баварияда өз экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кенен тааныштырды. Делегация мүчөлөрү ар бир аймак боюнча кандай долбоорлор өзөктүү жана кандай тармактарга басымдуулук бериле турганын баяндап, немис бизнесин кызматташтыкка чакырды.

УЛЬФ ШНАЙДЕР, КОМПАНИЯНЫН БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Аймактардын өзгөчөлүктөрүн көрсөткөнү мага абдан жакты. Ошондой эле, кооз фотосүрөттөрдүн бөлөк болгону да жакшы. Бул элдин эсинде жакшы сакталат. Биздин компаниянын казак рыногунда иштеп жатканына 10 жылдан ашты. Өлкөңүздөрдүн келечеги чоң жана максаты ачык. «Казакстан 2050» программа – келечекке болгон ишенимдүү кадам. Ал так аткарылып жатат.

Казакстанга инвестиция тартуу боюнча улуттук компаниянын өкүлдөрү катышуучуларга Казакстанда бизнес жүргүзүүнүн шарттары, салык преференциялары тууралуу түшүндүрмө берип, Казакстанга инвестиция тартуунун эффективдүүлүгүн баяндашты.

МАРАТ БИРИМЖАН, «КАЗАКИНВЕСТ» УК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Казакстан аркылуу 500 млн калктуу рынокко жол ачылат. Башкача айтканда, биз ЕАЭБдеги 180 млн калкы бар рынокту, Борбор Азиядагы 57 млн адам менен Кытайдын батышында жашаган 300 млн адамды камтый алабыз.

КРИСТИАН ШАРЛАХ, ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК КОМПАНИЯ ӨКҮЛҮ:

- Биз үчүн эң маанилүүсү – өлкөнүн туруктуулугу. Фирмабыз Казакстан рыногунда 2010-жылдан бери, мындан 2 жыл мурун Казакстанга инвестициябызды 2 эсе көбөйткөнбүз жана келечекте өз ишкердигибизди кеңейтүүнү көздөп жатабыз. Немис технологияларын Казакстанга алып келип, өндүрүштүн эффективдүүлүгүн жогорулатууга кызыктарбыз.

Форум корутундусу боюнча ата мекендик ишкерлер айыл чарба жана санариптештирүү тармактарында иштей турган компаниялар менен 3 меморандумга жана Чыгыш-Батыш уюму менен экономикалык кызматташтык тууралуу документке кол коюшту.

БОЛАТ НҮСИПОВ, КАЗАКСТАНДЫН ГЕРМАНИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Бавария менен маанилүү үч документке кол коюлду. Бул биринчиден бизге бавариялык компаниялар менен жигердүү иштешип, Казакстанга инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк берет. Экинчиден, документ агро илимди өнүктүрүүгө, ал эми эң маанилүүсү Бавариянын илимий-изилдөө институттарын биргелешкен долбоорлорго катышууга жол ачат. Үчүнчүсү болсо, санариптештирүүгө байланыштуу.

Казакстандык делегация немис компанияларынын башчылары менен эки жактуу жолугушууларды да өткөрүштү. Бавария ишкерлери өз кызыгууларын жашырбай, Казакстанга болгон инвестицияны көбөйтүүгө жана ишкердикти кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.