«Улуу Жибек жолунун» IV Тянь-Шань форуму

Казакстан – Европа менен Кытайдын ортосун жакындата турган негизги дарбаза. Адистер мындай пикирин «Улуу Жибек жолунун экономикалык куру» долбоорунун 5 жылдыгына карай уюштурулган форумда билдиришти. Мисалы, жүктөрдү деңиз аркылуу Европадан Кытайга жеткирүү 6 жумага чейин созулат, ал эми Казакстан аркылуу 15 күн гана кетет. Келечекте Казакстан аркылуу Кытайдан Европага жөнөтүлө турган контейнерлердин санын 2020-жылга чейин 2 миллионго жеткирүү көздөлүүдө.

МАРАТ ШИБҮТОВ, САЯСАТ ТААНУУЧУ:

- 2011-жылы биздин өлкө аркылуу Кытайдан Европага миң контейнер жөнөтүлгөн. Ал эми былтыркы жылды алып карасак, 201 миң контейнер жеткирилген. Өткөн жети жылдын ичинде 200 эсе өскөн.  Мисалы, кеткен поезддердин 80 пайызы бош кайтпайт. Товар жүктөлгөн контейнерлер кайра Кытайга келет. Бул өзүн-өзү актап жатат.