Казакстанда бакча өсүмдүктөр экпорту өсүүдө

Казакстанда бакча өсүмдүктөр экпорту өсүүдө. Түркистан облусунун дыйкандары ушул жылдын 7 айында Орусия,  Беларусия, Латвия, Германия өлкөлөрүнө 225 миң тоннадан ашуун коон менен дарбыз чыгарган. Атап айта турган болсок, бир гана Орусия рыногуна чыгарылган бакча өсүмдүктөрүн көлөмү 195,5 миң тоннадан ашат. Ошол сыяктуу, Беларуссияга 13 миң тонна, Германия жана Латвия мамлекеттерине 17 миң тоннадан ашуун коон экспорттолгон. Түштүк аймактарда өстүрүлгөн өсүмдктүн 40 пайызы Казакстандын түндүк аймактарына жиберилүүдө.

САПАР ДАРИБАЙ, АРЫС ШААРЫНЫН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Бакчанын өзү 3,5 миң гектар жерди ээлейт.  Ошонун 90 пайызга жакыны жыйналды. Бүгүнкү күндө 80 миң тонна коон чек арадан өттү. Өткөн жылы да 70 пайызы экспортко кеткен. Быйыл 100 пайызы чет өлкөгө чыгып жатат. Себеби биздин аймакта коон көп эгилген. Элдин бардыгы сыртка сатып жатышат.

Белгилей кетсек, быйыл Түркистан облусунун чарбалары жалпы 61миң гектардан ашуун коон жана дарбыз эгишкен. Ушул талаадан эле   1330 тонна  жыйналган. Бакча өсүмдүктөрүнүн  көпчүлүгү коон болсо, 560 миң тоннага жакыны дарбыз. Бул өткөн жылга салыштырганда, 80 миң тоннага көп. Казакстанда өстүрүлө турган коон-дарбыздын 65 пайызы ушул түштүк аймакка тиешелүү. «Ак алтын» пахта өндүрүшүнө караганда, бакча өсүмдүктөрүнөн түшө турган кирешенин көлөмү 5 эсеге көп дешет дыйкандар коомчулугу.

БАЙГАЛИ КӨПЕКОВ, БАГБАН:

- Быйылкы түшүм өткөн жылга караганда жакшы. Өзүм 10 гектарга коон сепкем. Бул жерде көпчүлүгү 50-60 гектарлап себишет. Керек болсо 100 гектарга чейин. Айыл жергесинде баарына жумуш табылып жатат.

Белгилей кетчү жагдай, ошол эле аймакта коондон ар кандай ыкмалар менен жасалган коон кактары даярдалып, өндүрүлүүдө.