Казак-түрк ишмердүүлүгү

Казак-түрк ишмердүүлүгү

Казакстанда чет өлкөлүк инвесторлордун катышуусу менен иштеп жаткан ишканалар өсүп жатат. Түрк ишкерлери менен биргеликте иштеп жаткан долбоорлордун саны да өсүүдө. Мисалы, бул тармакта лидер –Актөбө облусу. Аталган аймакта 20дан ашуун казак-түрк компаниялары жигердүү иштеп жатат. Алардын эң ириси – хром кенин жана хром концентратын өндүрүүчү заводу. Өндүрштүк кубаттуулугун өстүрүү үчүн гана жаңылоо иштерине 3 миллиард тенге сарпталган.

ЕРМЕК ШОКАЕВ, АКТӨБӨ ОБЛУСУНУН ИНДУСТРИАЛДЫК-ИННОВАЦИЯЛЫК БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИНИН МИЛДЕТТИН АТКАРУУЧУ:

- 2018-жылы Актөбө Акимиматы жана 2 компаниянын жетекчилеринин ортосунда жалпы суммасы 1,9 милиард теңге, узактыгы 2022-жылга чейин болгон “Жол картасына” кол коюлган. Иш-аракеттердин жардамы менен өндүрүштүк эмгектин 15 пайызга  өсүшү жана товардын өздүк наркынын 7 пайызга төмөндөшү жана экологиялык шарттардын жакшыруусу таасир берди.

Түркиялык кесиптештер менен Казакстандын башка аймактары да кызматташтыкты орнотушууда. Мисалы, Чымкентте бут кийим чыгаруучу биринчи ири фабрика ишке кирди. Аталган өндүрүш үчүн чийки зат Түркиядан алынып келинет. Ишкана күнүнө 150 жуп эркектердин бут кийимдерин чыгарышат. Ал эми жылына 100 миң жуп  чыгаруу көздөлүүдө.  Долбоордун баасы 403 миллион теңге. Ишкананын максаты чоң. Алгач ушул ички рынокту өндүрүш менен камсыз кылып, андан соң экпортко чыгуу.

НУРСУЛТАН БАЛАБИЕВ, ФАБРИКАНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Алдыдагы мерчемдер албетте өндүрүштүк кубаттулукту 10 эсе өстүрүү. Бул деген 150 эмес, 100 миң жуп. Айымдар жана балдар бут кийимдерин чыгаруу мерчемде бар.

Ал эми, Кызылордо облусунда болсо, 2 жылдан кийин түркиялык бизнесмендерин катышуусу менен жогорку сапаттагы томат пастасын чыгаруу заводу пайда болот. Долбоорго 8 миллиард теңге инвестиция тартылган. Жылына 24 миң тонна даяр өндүрүш чыгаруу көздөлүүдө. Келечектеги заводду Жанакорган районунда курушат. Долбоордун алкагында ушул жылы түркиялык тарап 10 гектар жерге помидордун 4 түрүн тигишкен. Серепчилердин айтымында, курулуштун акыркы чечими себилген помидордун түшүмдүүлүгүнө жана ушул сорттордун Кызылордо климатына ыңгайлашканына байланыштуу болот. Аталган ишкананын ишке кирүүсү менен жакынкы райондордун айыл чарба ишкерлери үчүн зор мүмкүнчүлүктөр ачылат.

РИНАТ СУЛТАНГЕРЕЕВ, КЫЗЫЛОРДО ОБЛУСУНУН ИНДУСТРИАЛДЫК-ИННОВАЦИЯЛЫК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Курулуш ишке киргенден кийин инвесторлор жергиликтүү дыйкандарга урук берип, көчөттөрдү багууга кеткен чыгымдарды каржылоону мойнуна алууга даяр. Ал эми күзүндө алардын түшүмүн сатып алышат.

Казак-түрк долбоорун Жамбыл облусунда да ишке ашыруу көздөлүүдө. Кийинки жылы Талас районунда кальцийленген туз чыгара турган завод куруу пландалууда. Ишкана жылына 400 тонна өндүрүш чыгарат. Жогорку сапаттагы  өндүрүш менен ички рынокту камсыз кылып, импорт көлөмүн кыскартуу максатталууда.