Казакстан жана Кытай арасындагы товар жүгүртүү 30 пайызга өстү

Казакстан жана Кытай арасындагы товар жүгүртүү 30 пайызга өстү

Казакстан жана Кытай кызматташтыгын жигердүү түрдө  өнүктүрүүдө. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кытай Казакстан үчүн эң маанилүү соода-сатык өнөктөштөрүнүн бири. Аталган өлкө көлөмү боюнча Казакстан экономикасына түз инвестиция тарткан өлкөлөрдүн сап башында турат. Эки тараптуу кызматташтык өнүгүшүнө Казакстандын мамлекеттик программалары менен кытайдын “Бир кур-бир жол” демилгесинин айкалышы зор мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Аталган десилгенин аркасы менен Казакстан жана Кытайдын ортосундагы соода-сатык  өскөн. Акыркы жылда эле өлкөлөр арасындагы товар жүгүртүү 30 пайызга өсүп, 11 миллиард долларды түздү. Серепчилердин айтымында, бул көрсөткүч чек эмес. 

НУРАЛЫ БУКЕЙХАНОВ, КР ТЫШКЫ СООДА ПАЛАТАСЫНЫН БАШКАРМАЛЫГЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Кытай ишкерлерине казакстандык айыл чарба, тамак-аш өндүрүштөрүн сатып алууга кызыктуу болмок. Биздин өндүрүштөр жогорку сапат, экологиялык жактан тазалыгы жана атаандаштыкка туруктуу баасы менен өзгөчөлөнөт.

Мындан ары бизнес-кызматташтыкты бекемдөө үчүн тогуздун айында Кытайда казакстандык соода-сатык миссиясы көздөлүүдө. 25 казакстандык ишкердиктин өкүлдөрү Шэньси провинциясындагы Сиань шаарына барып, ошол жерде казакстандык соода үйүн ачышат. Ал жакта 5 миң чарчы метр жерде казакстандык ишкерлер кытайлык талап кылуучуларга өз өндүрүштөрүн тартуулай алышат. Казакстан менен биргеликте иштешүүгө Кытай тараптын  бизнесмендери да кызыктар.

ЧЕН ШИБО, ИШКЕР, КЫТАЙ:

- Биз Кытайга казак өндүрүшүн экспорттун өстүрүүнү каалап жатабыз. Себеби бул жерде экологиялык жактан эң таза өндүрүштөр арбын. Бул биздин негизги максатыбыз. Биз орус тилдүү райондор менен иштешүүнү көздөөдөбүз. Азыркы тапта ун, май, конфет таттуулардын импорттору башталууда. Андан соң биз кой этин импорттосок дейбиз.

Кытай казакстандык ишкерлер үчүн импорттолчу өндүрүштөрдүн санын өстүрүп, өлкөнүн ички рыногун ачып, көп мүмкүнчүлүктөрдү берип  жатат деп белгилешет талдоочулар.