Казакстандын ИДП 8 айдын кортундусу боюнча 3,8% түзөт

Казакстандын экономикалык өнүгүү жигердүүлүгү туруктуу. Өлкөнүн ички дүң продукциясы 8 айдын жыйынтыгы боюнча 3,8% түзөт. Бул тууралуу улуттук экономика министри маалымдады. Тимур Сулейменовдун маалыматы боюнча, алдыдагы максат – ИДП аз дегенде төрт пайыздык өсүштү камсыз кылуу. Бул мерчемди аткаруу үчүн жыл аягына чейин экономиканын бардык тармактары боюнча өсүү көрсөткүчүн орто эсеп менен 4,2 пайызга көтөрүү керек.

ТИМУР СУЛЕЙМЕНОВ, КР УЛТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИ:

- Жылдын башынан бери ИДП өсүү жигердүүлүгүн эске алуу менен, 4 пайыз максаты жеткиликтүү болуп калды. Ошентсе да, фармацевтика, тамак-аш жана суусундук өндүрүштөрү, мунай иштетүү, айыл чарба сыяктуу тармактарда максаттуу өсүүгө жетүүгө мүмкүн. Көрсөтүлгөн  тармактарда өсүүнү камсыз кылуу үчүн жыл аягына чейин айлык жогорулоо жигердүүлүгү орточо эсеп менен 4-9.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери негизги капиталга багытталган инвестиция көлөмү 21,4 пайызга өскөн, анын ичинде 27 пайызы –жеке каржы салымдары. Сырткы соода жүгүртүүсүндөгү өсүү көрсөткүчү да жогору. Жыл башынан бери 7 айдын ичинде ал 20 пайызга өсүп, 52 млрд долларды түздү. Аны менен катар, чет өлкөлүк рынокторго жеткириле турган чийки зат эмес товарлар көлөмү 4 пайыздан ашып түшүп, 9 млрд долларды түзгөн.