Казакстанда унаа-транзиттик мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө

Казакстанда унаа-транзиттик мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө. Мисалы, Арал аймагында жылдын башынан бери «Батыш Европа – Батыш Кытай» коридор тилкесинде жүк ташуу көлөмү 15 пайызга өскөн. Орто жылдык экономиканын үлүшү 190 миллиарддан ашуун теңгени түзгөн. Белгилей кетсек, 812 чакырымдык жолдук төшөлмө үчүн 164 млрд теңге жумшалган. Жолдун ар бир тилкеси жогорку эл аралык станддарттын талаптарына жооп берет. Бул жеке эле ыңгайлуулук эмес, бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр. Бул тармакка тартылган инвестициянын көлөмү бүгүнкү күндө 4,5 миллард теңгени түзүп жатат.  Автомагистралды бойлой 41 тейлөө борборун түзүү көздөлүүдө. Алардын 19нун курулушу башталган. Серепчилердин айтымында, күндүк транспорттук агым 9 миң машинаны түзүп жатат. Алардын 800дөн ашууну жүк ташуучу унаалар.

КАЙРАТ АБСУЛТАНОВ, ОБЛУСТТУК ЖҮРГҮНЧҮЛӨР УНААСЫ ЖАНА АВТОУНАА ЖОЛДОР БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧСИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Биздин аймактык тилкедеги автомагистрал боюнча жүрүү баасы биринчи жана экинчи категориялар боюнча бир аз айрымаланат. Ошондой эле 2 өткөрмө пункту иштейт.

Республикадагы транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө Курык паромдук комплексинин ролу зор. Колдонууга берилгенден бери бул жерде эки миллион алты жүз жети миң тоннадан ашуун жүк өткөрүлгөн. Алардын 1 миллион 200 миңи үстүбүздөгү жылдын 7 айына тиешелүү. Ушул жерден экспортко казакстандык дан жана мунай жөнөтүлөт. Ошондой эле элдик керектөөлөрү менен жер семирткичтер дагы бар. Экинчи казакстандык порт бүгүнкү күндө 620 кемени кабыл алды. Айтмакчы, комплекс бир эле учурда  беш  паромду кабыл ала алат. Бул жерге Кытайдан темир жол аркылуу транзиттик жүктөр алып келинет. Ал жерден кемелерге жүктөлүп,  Европага жөнөтүлөт.  Артка кайтканда металл, эмеректер, курулуш материалдар жана тамак-аштар алынып келинет.

ТАЛГАТ ОСПАНОВ, КУРЫК ПОРТУНУН БАШКЫ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Азыркы тапта рейдде 4 кеме турат. Өз кезегин 300 вагон күтүүдө. Кытайдан трнзит аркылуу дан, көмүр, мунай өндүрүштөрүн жөнөтүү да мерчемде бар.

Белгилей кетсек, акыркы 10 жылдын ичинде евроазиялык унаа коридорлорун унаа-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 30 млрд доллар инвестицияланды. Жаңы инфраструктуранын  курулушу жана оңдоп-түзөө иштер долбоорлору ишке ашуусу уланууда. 2020-жылга карай аталган тармакка багытталган инвестициянын көлөмү 8 млрд долларды түзөт. Бул Жибек жолу соода-сатык агымына жаңы түрткү берип, республикада аймактык унаа-логистикалык хабынын акыбалын  бекемдейт.