Казакстан экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн артырууда

Казакстан экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн артырууда. Бул багытта Алматы облусунда эт кластеринин мүмкүнчүлүктөрү арбын. Аймакта 14 якордук мал семиртүү аянттары курулган. Бул жерде  чакан фермердик чарбачылктардан жыйналган болжол менен 18 миң баш ири кара мал бар. Казак ак баш уй тукумун багуу чарбачылыгынын башчысы Канат Жумашев эт экспорту менен алектенүүгө кызыгып жатат. Бүгүнкү күндө анын 500 баш ири кара малы бар.

КАНАТ ЖУМАШЕВ, ЧАРБАЧЫЛЫКТЫН БАШЧЫСЫ:

- Малдын санын көбөйтөбүз. Асыл тукумдуу уйлардын санын эки миңге чейин жеткирүү мерчемделүүдө. Экспортко чыгаруу да оюбузда бар. Мал бордо аянтын да кеңейтип, эти иштетүү менен алекетенебиз.

Аксу районунда Канат Жумашев сыяктуу фермерлер өз иштерин алгалатууда. Ал чарбачылыкта 82 миң уй багылат. Өткөн жыл менен салыштырганда облуста малдын саны 16 пайызга өскөн. Ошентсе да, алдыдагы убакытта асыл тукумдуу малдын үлүшүн көбөйтүү көздөлүүдө.

САГИТ БЕКБОЛАТОВ, АКСУ РАЙОНДУК АЙЫЛ ЧАРБА БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Биз асыл тукумдуу букалар менен 8 миң уйду аргындаштырдык. Мыкты төл алдык. Бул Герефорд, Ангус, Казак ала башы жана Аулиекөл тукумдары

Белгилей кетсек, облус быйыл алгачкы 200 тонна уй этин Кыргызстанга экспорттогон. Бүгүнкү күндө Орусия жана Өзбекстан республикаларына ири кара мал этин жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.