Аймактарда жер жаңгак чогултулууда

Аймактарда жер жаңгак чогултулууда

Жамбыл облусунун  айыл чарба өндүрүүчүлөрү жаңы өсүмдүк - жер жаңгакты ийгиликтүү өстүрүп жатышат. Жер жаңгак талаасы Чу облусуна караштуу Корагаты айыл аймагындагы өндүрүштүк кооперативи тарабынан иштетилип жатат. Белгилей кетсек, өсүмдүк суроо-талапка ээ. Өткөн жылы аталган жемиш үчүн жергиликтүү аграрлар 25 гектар беришкен. Быйыл эки эсе көп.

ЕРБОЛ ЕРГАЗИЕВ, ӨНДҮРҮШТҮК КООПЕРАТИВДИН БАШЧЫСЫ:

- Бул жылы өстүрүү технологиясын өздөштүрдүк. Бир гектар жерден 2 тонна жер жаңгак, ал эми 50 гектардан 100 тонна алууну көздөп жатабыз.

50 гектар жер жаңгакты сугаруу үчүн 4 себелеткич орнотмолор иштеп жатат. Аларды алуу үчүн 100 миллион теңге каражат жумшалган.

АККАР ГАСАНОВ, КОРАГАТЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ТЕСКӨӨЧСҮСҮ:

- Биздин аймакта 235 чарбачылык бар. Алар негизинен өсүмдүк өстүрүү боюнча алектенишет. Жер жаңгак биздин аймак үчүн экзотикалык өсүмдүк катары саналат. Бирок, ушуга карабастан дыйкандар бул өсүмдүктү өстүрүү технологиясын өздөштүрүштү.

Дыйкандар алгач Жамбыл облусун жер жаңгак менен камсыз кылышып, андан соң экспортко чыгарууну көздөшүүдө.