Быйылкы жылы Астанага тартылган инвестициянын көлөмү 30% өстү

Быйылкы жылы Астанага тартылган инвестициянын көлөмү 30% өстү

Быйылкы жылы Астанага тартылган инвестициянын көлөмү 30 пайызга өстү. Көрсөткүч 520 миллиард теңгеге жетти. Серепчилердин айтымында, бул көрсөткүч инвесторлор үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттардын жыйынтыгы. Чет өлкөлүк ишкердик үчүн  жеңилдиктер бар. Ошондой эле мамлекет тарабынан так колдоо да каралган. Бардык шарттары менен 2 өнөр жай аянты ийгиликтүү иштеп жатат.

ЕРЛАН БЕКМУРЗАЕВ, АСТАНА ШААРЫНЫН ИНВЕСТИЦИЯ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бүгүнкү күндөгү “Астана – жаңы шаар” атайын-экономикалык аймагы өткөн он жылдыкта  салынган жана өткөн жылы жаңы салынган атайын экономикалык аймак. “Астана атайын-экономикалык аймагы - Астана Технополис”. Бул жылы биз “Астана – жаңы шаар” АЭА аймагында 7 жаңы инвестициялык долбоорду  ишке ашырууну көздөп жатабыз.

Астана – жигердүү өнүгүп, жылдан-жылга көп сандаган бизнес өкүлдөрүн өзүнө тартып келе жаткан шаар. Акыркы аракеттердин натыйжасы менен Казакстандын жаш борбору ишкердик жигердүүлүгүн көрсөтүп жатат. Адистердин айтымында, орто жана кичи бизнестер чыгарган өндүрүштөрүнүн баасы акыркы 20 жылдыкта  5 триллион теңгени түзгөн.

ЕРЛАН БЕКМУРЗАЕВ,  АСТАНА ШААРЫНЫН ИНВЕСТИЦИЯ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Биздин шаардын негизги инвестору – бул ишкерлер. Башкача айтканда, кичи жана орто бизнестин жигердүүлүгү боюнча Астана 1-орунда. Өлкөгө тартылган инвестициялардын 69 пайызы борборго багытталган. Кичи жана орто бизнес биздин негизги инвестор.

Заманбап өндүрүштүк, каржы борбор, медицина жана билим берүү, соода -сатык жана логистика, туризм, маданият жана спорт, креативдүү тармак. Астананын экономикасынын өнүгүүсүнө өбөлгө болгон негизги 10 багыт белгилүү. Мындан сырткары чет өлкөлүк инвесторлорду өзүнө тартууга багытталган, дүйнөдө ийгиликтүү ишке ашкан таптакыр жаңы стратегиялар колдонулуп жатканын жергиликтүү өкмөттөр белгилешүүдө.