Казакстан Орусия фармацевтикалык рыногунда лидер аталды

Казакстан Орусия фармацевтикалык рыногунда лидер аталды

Казакстан Орусия фармацевтикалык рыногунда лидер аталды. Узак убакыттан бери Орусияда сатыла турган медициналык препараттардын басымдуу бөлүгү Белоруссиядан алып келинет. Орусиялык рынокко түшө турган жаңы дары-дармек арасында чыныгы мааниде  инновациялык катары табыла тургандар өтө аз. Орусиялык адистердин айтымында, рынокту алуу жолунда Казакстан туура багытты тандаган. «Башкача айтканда, казакстандык фармацевттер дары-дармектин санына эмес, сапатына көңүл бурат», - дешет серепчилер.

ДАРЬЯ МАЛОВИЧКО, ФАРМАКОЛОГИЯЛЫК КОМПАНИЯНЫН МЕНЕДЖЕРИ:

- Бул таң кала турган жагдай эмес. Фармакологияда башкысы – сапат. Себеби, бул жерде адамдын ден соолугуна  тыкыр көзөмөлдөө болот. Казакстандын аталган тармак боюнча 20 жылдык тажрыйбасы бар. Ошондуктан дал азыркы кезде өлкө ортосундагы атаандаштык жагдайда Казакстанды мыкты дегенге толук негиз бар.

Акыркы жылдары ири компаниялар дары-дармектин жаңы түрлөрүн жасап чыгарууга өзгөчө көңүл буруп жатат. Айрыкча, денеге жабыштыруу жана ингаляциялык, башкача айтканда, дем  алуу аркылуу таасир кыла турган препараттарга суроо-талап жогору. Астана ушул багытты колго алып, өнүктүрүү аркылуу алга кадам таштады. ЕАЭБ рыногунда Москва фармакологиядан айрылса да, Минск фармацевтикалык рынокто сап башында турат. Ошентсе да, 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы  Беларусь компанияларынын үлүшү былтыркы көрсөткүчкө караганда төмөндөгөн.

ИЗОЛЬДА ЦЕЛИНИЧЕНКО, БИЗНЕС СЕРЕПЧИ:

- Биздеги маалыматтарга таянсак, акыркы жарым жылда Орусияга ташуу боюнча Белоруссиянын үлүшү 70 пайызга жетти. Былтыр бул көрсөткүч 92 пайыз болгон. Ал эми Казакстанга келсек, бул өлкөнүн үлүшү 7ден 29 пайызга жетти. Эки мамлекеттин көрсөткүчтөрү жакшырууда. Азыркы тапта Казакстанга атаандаш жок.

Белгилей кетсек, ЕАЭБде баш оона айынын аягында бирдиктүү дары-дармек рыногу курулду. Казакстанда Биримдик эрежеси боюнча медициналык препараттарды тиркөө жагынан алгачкы 6 өтүнмө кабыл алынган. Дагы экөө Белоруссия өлкөсүндө. Алдыдагы убакытта башка өлкөлөр да Биримдиктин маалыматтык системасын жигердүү колдонууга киришет.