Казакстан мунай иштетүү тармагын жигердүү өнүктүрүүдө

Казакстан мунай иштетүү тармагын жигердүү өнүктүрүп келет. Эл аралык серепчилердин айтымында, Казакстандын дүйнөлүк мунай рыногундагы мүмкүнчүлүктөрү чоң. Аяк оонада Чымкент жана Атырау мунай иштетүү заводдорунда жаңыртуу иштери толук аяктайт. Анын алкагында Казакстан К4  экологиялык стандарттуу күйүүчү май жана дизель отунун  өндүрүү  көлөмүн көбөйтөт. Аны менен катар, өлкөдө аба күйүүчү-май керосини чыгарыла баштайт. Ата мекендик үч заводдон болжол менен 900 миң тонна өндүрүш алуу көздөлүүдө. Казакстан өндүрүштү экспорттоону көздөп жатат. Ошондой эле, ишканалар келечекте РТ жогорку сапаттуу аба керосинин сатыкка чыгарат. Адистер ири аба ташуулар тарабынан өндүрүшкө болгон кызыгуу өсөт деген үмүттө.

ЖАН-ФИЛИПП ТАДИЕЛЛО, ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК КОМПАНИЯ ӨКҮЛҮ/ ФРАНЦИЯ:

- Албетте, казакстандык мунай иштетүү заводунун жигердүү өнүгүп келе жатканына баарыбыз күбөбүз. Ошондуктан, бул рыноктун келечеги зор деп ойлойбуз. Ошондой эле, казак эли өз зарылчылыктарын жабууга жөндөмү бар табигый ресурстарга да бай. Биз үчүн бул рынок өтө маанилүү.

Ал эми, жакында ачык түстүү күйүүчү-майлардын алгачкы 50 миң тонналык партиясы коңшу Кыргызстанга жөнөтүлөт. Келечекте казакстандык мунай өндүрүштөрү башка да өлкөлөргө ташылат деп мерчемделип жатат.

ШУХРАТ ДАНБАЙ, УЛУТТУК КОМПАНИЯНЫН МУНАЙ ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы эки жактуу келишимдин негизинде тогуздун айында биз 92-бензиндин алгачкы партиясын жөнөтөбүз. Ошондой эле, Павлодар мунай-химия заводу авиациялык күйүүчү-май, РТ жогорку сапаттуу реактивдүү өндүрүшүн жандандырды. Ушуга байланыштуу аба компаниялар тарабынан кызыгуу өскөн. Бул ички рыноктогу жагдайга таасир берди. Бүгүнкү күндө көтөрмө баа 20-30 пайызга төмөндөдү.

Казакстан мунай иштетүү тармагын мындан ары өнүктүрүүнү көздөп жатат. Ушул максатта өлкөдө төртүнчү мунай-химия заводу курулушунун алдын-ала техника-экономикалык негиздемисин даярдоо жумуштары башталган. Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө республикада үч завод иштөөдө. Атырау жана Павлодардагы заводдордо жаңыртуу иштери аяктагандан кийин, ички рыноктогу суроо-талапты толук камтуу мүмкүн болот.

МАГЗУМ МЫРЗАГАЛИЕВ, КР ЭНЕРГЕТИКА ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Азыркы тапта  өлкөбүздүн транзиттик мүмкүнчүлүгүнө терең маани берип жатабыз. Айрыкча Батыш Европа – Батыш Кытай жаңы багыттарынын ачылуу маселеси караштырылууда. Бул жагдай жаңы төртүнчү завод курулушун баштоого негиз болуп жатат. Биз заводдун кубаттуулугу, анын жайгашкан аймагы сыяктуу маселелерди чечүүгө маани беришибиз керек.