Казакстан экономикасын диверсификациялоону

Казакстан экономикасын диверсификациялоону улантуу анын өнүгүшүнө кошумча түрткү берет. Мындай жыйынтыкка Азия өнүгүү банкынын талдоочулары келишти. Каржы институту адистеринин айтымында, туруктуу негизде ишке ашырыла турган эффективдүү реформалар Казакстандын ИДӨ жыл сайын 1,2 пайызга өсүүгө мүмкүнчүлүк берет.  Бул үчүн республика экономиканы диверсификациялоого маани берип гана койбостон, ушул жараянга жеке тармакты да тартуу керек. Азия өнүгүү банкынын талдоочулары, Казакстан тамак-аш өнөр жайы, айыл чарбачылыгы, химикаттар өндүрүшү жана металл иштетүү тармактарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрү арбын деген пикирде.

ЭДИМОН ГИНТИНГ,  АӨБ АНАЛИЗ ЖАНА ОПЕРАЦИЯЛЫК КОЛДОО БӨЛҮМҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Өндүрүш менен айыл чарба тармагындагы реформаларды колдоо үчүн транспорттук жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү улантуу керек. Бул экономиканы диверсификациялоону тездетүүгө мүмкүнчүлүк берет.