Казакстанда агроэкспорт жогорулоодо

Казакстан 2021-жылга чейин азык-түлүк товарларынын экспортун 40 пайызга көбөйтүүнү пландоодо. Ушул максатты ишке ашыруу үчүн өлкө аграрийлери айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүп жатышат. Буга мисал, Түркистан облустарында негизги экспорт товарларын дарбыз менен коон түзөт. Аймактын ушундай сыяктуу өндүрүштөрү чет өлкөдө суроо-талапка ээ. Мурда КМШ өлкөлөрүнө жеткирилип келген өндүрүш, эми Европага: Германияга, Латвияга, Беларуска жөнөтүлүүдө. Быйыл түркистандык чарбачылыктар  жалпы 61,4 миң гектар жерге коон жана дарбыз айдап, андан 1 млн 330 миң тонна түшүм алышты. Мол түшүмдүн 80 пайызы экспортко жөнөтүлгөн.

НУРАЛЫ СУЛТАНБЕКОВ, ЧАРБАЧЫЛЫК ТӨРАГАСЫ:

- Былтыркыга караганда быйыл жакшы, жаман эмес. Быйыл аба-ырайы ысык болду. Бизде 12 гектар жүзүм бар,  анын 10 гектарынан түшүм алып жатабыз. Келээрки жылы дагы 2 гектар кошулат. 16 гектардай жерге эрте чыга турган коон-дарбыз септик. Быйыл суроо-талап жогору болду.

Даамы тамшандырган түркистандык коондордун сортун Жетисайдагы илимий-изилдөө институтунун адистери даярдап чыгышкан. Мисалы, жаңы түрдү ойлоп табуу үчүн окумуштуулар 7-8 жылын арнаган. Азыр да институт адистери коон жана дарбыздын экспортко ылайыкташкан түрүн жарыкка алып келишет.

ИБАДУЛЛА ҮМБЕТАЕВ, КАЗАК ПАХТА-ЧАРБАЧЫЛЫГЫ ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУНУН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Биздин чыгарып жаткан коондор экспортко багытталган. Келечекте мындан башка сортторду чыгарабыз. Анткени ал коон кагын даярдоого, коондун шербетин жана башка көптөгөн продукция даярдоого жарамдуу.

Быйыл облуста алгачкы жолу «Коон fest» өткөрүлдү. Бакча өндүрүштөрү  фестивалына коон, дарбыздын 27 түрүнөн 30 тонна көлөмүндө өндүрүш алып келинген. Эң чоң коон 20 кг түзсө, дарбыз да ошого жакын.

НУРБЕК БАДЫРАКОВ, ОБЛУСТУК АЙЫЛ ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Пахта өсүмдүгүнөн алына турган киреше 250-300 миң теңге көлөмүндө боло турган болсо, бакча өсүмдүгүнөн түшө турган киреше көлөмү 1 миллион 250 миңге чейин. Коон фестивалынын  максаты да ушул –бакча өндүрүштөрүнөн алынган түшүмдү мындан ары жогорулатуу. Экспорт көлөмүн 2,5 эсеге көбөйтүү.

Ошондой эле, иш-чара алкагында кыям даярдоочулардын жарышы, «Эң чоң коон», «Эң чоң дарбыз», «Эң мыкты бакча өндүрүштөрүн сунуштаган айыл өкмөтү» сыяктуу номинациялар боюнча жарыштар уюштурулду.