Өлкөдө тоо-кен өндүрүшү өсүүдө

Тоо-кен өндүрүшү Казакстан экономикасынын негизги тармактарынын бири. Серепчилердин айтымында, сектордун өсүү динамикасы сакталып келе жатат. Үстүбүздөгү 7 айдын корутундусу боюнча тоо-кен өнөр жайларынын өндүрүшү 5,4% өскөн. Бул тармакка бир катар жаңыдан киргизилген ири долбоорлорго байланыштуу. Орусиялык инвесторлордун катышуусу менен курулган Бакыршык тоо-кен өндүрүшү алардын катарында. Ал Казакстандагы алтын фондуна бай кен жай. Ал 70 жыл бою өндүрүштүк жолго чыккан эмес. Долбоор боюнча 10 миң тонна алтын өндүрүлөт. Бул Казакстандагы жалпы алтын өндүрүшү көлөмүнүн 14% түзөт. Ушуга кошо, быйыл Караганды облусунда катоддуу жез чыгара турган завод колдонууга берилет.  Жез рудасынын өндүрүштүк  кубаты 2 миллион тоннаны түзөт. Ошондой эле, «Санариптик Казакстан» программасынын алкагында өлкө боюнча тоо-кен өндүрүшүнүн  очоктору санариптештирилет.

ЕРНАР САРЖАНОВ, КР ИӨМ ТОО-КЕН МЕТАЛЛУРГИЯ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШКЫ СЕРЕПЧИСИ:

- Биз санариптештирүү боюнча 14 иш-чараны колго алган 6 ишкананы тандап алдык. Бүгүнкү күндө бир катар ишканаларга ийгиликтүү киргизилген. Бул «Акылдуу карьер» системасы «Соколов-Сарыбай» тоо кен байытуу өндүрүштүк  биримдигинин аянтында ишке кошулду. Ошондой эле быйыл биз Өскемендеги титан-магний өндүрүү менен алектенген комбинатка баланс эсептей турган системаны орнотууну көздөп жатабыз. Кийин дагы ири ишканаларды санариптештиребиз.

Тоо-кен өндүрүшүнүн инвестициялык тартымдуулугун жогорулатууга тыкыр маани берилип келет. Казакстанда инвестициялык акыйкатчы институту түзүлдү. Анын негизги иши инвесторлордун укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Ушуга кошо, өткөн теке айында  жер астын пайдалануу мыйзамы күчүнө кирген. Документ алкагында жер кенин пайдаланууга уруксат алуу үчүн керектүү жараяндар жеңилдетилди. Мурда 2 жыл карала турган маселе эми бир айдын ичинде чечилет.

ЕРНАР САРЖАНОВ, КР ИӨМ ТОО-КЕН МЕТАЛЛУРГИЯ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШКЫ СЕРЕПЧИСИ:

- Биздин бардык фонддорубуздун ачыктыгы менен кен жайларын алуу укугу жеңилдетилгенин эске ала турган болсок, бул жайлар өлкөнүн тоо-кен өндүрүшүнүн инвестициялык тартымдуулугун арттыра түшөт.

Серепчилердин пикиринде, тоо-кен өндүрүшү Казакстандын дүйнөлүк аренадагы атаандаштыкка туруктуулугун күчөтүп, өлкө экономикасынын өнүгүшүнө жигердүү салым кошуп келет.