Балык экспорту

Балык экспорту

Казакстан экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө. Тышкы рыноктордо суроо-талапка ээ казакстандын балык өндүрүшү. Атыраулык жогорку сапаттагы деликатестер Франция, Германия, Австрия, Литва, Израиль жана КМШ өлкөлөрүнүн рынокторунан өз ордун тапкан. Бүгүнкү күндө Каспийдин чортону жана судагынын алгачкы партиясы Болгария менен Румынияга жөнөтүүгө даярдалып жатат. «Казакстанда жасалган» деген соода белгиси менен сапаттуу балык өндүрүштөрү жалпы 12 мамлекетке жөнөтүлүүдө.

ШАХНОЗ ШАМУРАТОВА, БАЛЫК ИШТЕТҮҮ ЦЕХИНИН ЧЕБЕРИ:

- Биз күнүнө 3-4 тонна балык өндүрүштөрүн иштеп чыгабыз. Бул көбүнчө судак, сом жана сазан филеси. Андан башка  ит балык, сазан балыктары да кошулат.

Орал-Каспий суу бассейниндеги балык популяциясын сактап калуу үчүн республикалык жана облустук бюджеттен 7 жарым млрд теңге каражат бөлүнгөн. Ошол каражат эсебинен балык мекендей турган суу тегиздиктеринин түбүн тазалоо жана тереңдетүү иштери жүрүп жатат. Бул балыктардын уруктарын чачуу аянтына кире турган дарыялар.

ИВАН ЦЕРНИКЕЛЬ, ТЕХНИКАЛЫК КЕМЕ КОМАНДИРИ:

- Биз дарыя алдындагы топуракты 2,5 метр тереңдикке чейин казабыз. Жалпы каналдын туурасы 40 метр болсо, анын 25 метри тереңдик көлөмүндө болушу шарт.

Аймакта балыкты колдо өстүрүп, табигый фондду толтурууга да терең маани берилет. Каспий деңизине жыл сайын 7 млн даана баалуу балык чабагы жөнөтүлөт. Ал эми заводдорго кайра жаңыртуу долбоору жүргүзүлсө, бул көрсөткүч бир нече эсеге көбөйүшү мүмкүн, дешет адистер.

ГИЛМАН САРСЕМАЛИЕВ, ЗАВОД МҮДҮРҮ:

- Азыркы тапта биздин заводдорду кайра жаңыртуу боюнча техника-экономикалык негиздемелер мамлекеттик анализден өтүп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын беш айында казакстандык балык чарбачылыгы 12 жарым миң тонна муздатылган жана тоңдурулган балык өндүрүштөрүн өндүргөн. Адистер алдыдагы убакытта экспорт көлөмү өсөт деп ишенүүдө.