Казакстандык өндүрүш Орусия рыногунда

Казакстандык өндүрүштөр чет өлкөдө чоң суроо-талапка ээ болууда. Баасы туруктуу, сапаты жогору, экологиялык таза товарларга Орусиянын жергиликтүү калкы тарабынан кызыгуу жогору. Мисалы, Омск шаарында эле 4 казакстандык соода күркөсү иштейт. Былтыр күзүндө ачылган орундарга 20га жакын компания миңге жакын өндүрүш түрүн сунуштаган. Алардын көпчүлүгү –Түндүк Казакстан, Павлодар жана Алматы облустарынын өндүрүүчү ишканалары.

ВЕРА ЦОДИКОВИЧ, КАЗАКСТАНДЫК ДҮКӨНДӨР ЖЕЛЕСИНИН АДМИНИСТРАТОРУ:

- Жумасына эки жолу, шаршемби жана жума күндөрү товарлар жеткирилип турат. Омскта мындай экологиялык таза өндүрүштөр көп жерде сатылбайт. Көбү курут, аралашма, сүрсүгөн эт сыяктуу казактын улуттук  өндүрүштөрүн сатып алат.

Казакстандык өндүрүштүн түрү кенен. Текчеде миңден ашуун аталыштагы азык-түлүк товары коюлган. Анын бардыгы ЕАЭБ талаптарына толугу менен жооп берет.

Александр Тришкин ар дайым Казакстандык өндүрүштү сатып алат. Анткени сапатына болгон ишеними жогору, баасы да көңүлгө топ келет, дейт туруктуу кардар.

АЛЕКСАНДР ТРИШКИН, ОМСК ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Казакстандык өндүрүштү колдойбуз. Себеби, башкалар менен салыштырганда даамы өзгөчө.

Омск жашоочулары казакстандык таттууларды да жакшы алышат. Бир күндө дүкөнгө жүздөн ашуун сатып алуучу келет.

ОЛЕСЯ РЕЗНИЧЕНКОВА, ОМСК ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Конфет, шоколад сатып алабыз. Балдарыбыз жакшы көрөт. Казакстандык өндүрүштөрдүн даамы өзгөчө.

Казакстан менен Орусиянын чек аралаш аймактарынын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү биринчи кварталда эле 25 миллиард доллардан ашкан. Алдыда Омскто дагы 8 казакстандык соода күркөсүн ачуу көздөлүүдө.