Бизнестин атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатуу

Казакстандык бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу – Казакстандын экономикалык саясатынын негизги багыты. Себеби, бул жалпы өлкөнүн өнүгүшүнүн көрсөткүчү. Казакстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна жана ЕАЭБге мүчө болгондон бери бул маселеге өзгөчө көңүл буруп келет. Астанада ишкерлер менен мамлекеттик орган өкүлдөрү өлкө бизнесинин эл аралык рейтингдердеги атаандаштык туруктуулугун талкуулашты. Ал үчүн ыңгайлуу бизнес чөйрө калыптандыруу, инфраструктура, адис даярдоо, каржылоо жана жаңы технологияларды өнүктүрүү жолдору караштырылды. Ошондой эле, жолугушуу алкагында Казакстанда чакан жана орто бизнести  колдоо үчүн киргизилип жаткан жаңы мамлекеттик жолдор тааныштырылды. Ушуга кошо республикада билим, илим, саламаттыкты сактоо тармактарынын жигердүү өнүгүшү да Дүйнөлүк экономикалык форумунун атаандаштыкка туруктуулугун ааламдык индексине ылайык Казакстандын көрсөткүчүнө оң таасир тийгизбей койбойт. Эскерте кетсек, 2017-2018-жылдардын натыйжасы боюнча Казакстан 137 өлкөнүн ичинде 57-орунду ээледи.

БАУЫРЖАН ТУРЛЫБЕКОВ, КР УЭМ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Быйылкы жылы мыйзамдарга комплекстүү өзгөртүүлөр киргизилип, жаңы бажы, салык Кодекстери күчүнө кирди. Ошондой эле, бизнеске тиешелүү толуктоолор болду. Инфраструктура боюнча иштер аткарылып жатат. Ушуга кошо каржылык колдоо жана жеңилдиктер боюнча өзгөрүүлөр болду.

БАКЫТ СМЕКЕНОВ, КР УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАЛЫГЫГЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Улуттук банк каржы институттарына 654 миллиард теңге өлчөмүндө колдоо көрсөттү. Алар өз кезегинде жаңы насыя берүү көлөмүн арттыруу боюнча милдеттемелерди аткарышат. Биз ушул айланадагы көрсөткүчтөрдүн жогорулап келе жатканын байкайбыз. Эгерде  өткөн жыл менен салыштырып карай турган болсок, 7 айдын көрсөткүчү боюнча жаңы насыя көлөмү 27 пайызга көбөйгөн. Бул жакшы жышаан.