Казакстандын инвестициялык тартымдуулугу

  Казакстандын инвестициялык тартымдуулугу

Казакстан негизги капиталына түз чет өлкөлүк инвестиция тартуу боюнча  жогорку көрсөткүчтөргө жетүүдө. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы жети айында гана Казакстандын экономикасына чет өлкөдөн тартылган  жалпы каржы көлөмү төрттөн бир эсе өсүп, 24 пайызды түзгөнү байкалды. Серепчилердин айтымында, бул тапта тоо-кен өндүрүшүнө болгон инвесторлордун кызыгуусу дале чоң. Жалпы чет өлкөдөн түз тартылган бардык каржынын тең жарымы экономиканын дал ошол секторуна багытталган.

АЙЖАН МУКЫШБАЕВА, ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКА ЖАНА САЯСАТ ИНСТИТУТУНУН СЕРЕПЧИСИ:

- Чет өлкөлүк инвесторлор үчүн негизинен тоо-кен өндүрүшү, геологиялык чалгындоо сыяктуу тармактар абдан тартымдуу. Ошондой эле, кыймылсыз мүлк, унаа жана каптоо иши зор кызыгуу жаратып жатат. Казакстан өз  экономикасына түз чет өлкөлүк инвестицияны тартуу боюнча Борбор Азия аймагында сап башында турат. Аймакка тартылган бардык чет өлкөлүк каржынын 70 пайызы Казакстандын үлүшүндө. Бул оң көрсөткүчкө жетүү биринчи кезекте өлкөбүздүн чийки зат фондунун мол болушуна өз таасирин тийгизди. Буга мамлекетте жасалган ыңгайлуу инвестициялык климат менен салыктык жеңилдиктер жана инвесторлорго өндүрүштүк аянттарын берүү да өз түрткүсүн берди. Бизде корпоративдик салык өлчөмү 20 пайызды түзөт. Бул башка өлкөлөр менен салыштырганда 1,5-2 эсе төмөн. Ошондой эле, Казакстанда кошумча нарк салыгы болгону 12 пайызды түзөт.

Казакстандын инвестиция тартууга өтө эффективдүү мамлекеттердин алдыңкы катарында болушуна башка факторлор таасир берди. Бул Казакстандын географиялык жайгашуусуна байланыштуу эмес. Өлкө аймактык интеграцияга маани берип, каржыны ийгиликтүү салуу үчүн бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга басым берип келүүдө.

АЙЖАН МУКЫШБАЕВА, ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКА ЖАНА САЯСАТ ИНСТИТУТУНУН СЕРЕПЧИСИ:

- Казакстанда ишкердик чөйрө жылдан-жылга жакшырып, жеке ишкана жүргүзүүнүн эффективдүүлүгү артып жатат. Бизнести каттоо, лицензия алуу, кандайдыр бир бизнести тейлөөгө уруксат берүү убакыты кыскарды. Бул жагдай өлкөдөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тартымдуу кылат. Каржы тартууда бизнестин орду да өзгөчө. Бул жагдайда өлкөбүздө чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн мааниси өзгөчө. Бүгүнкү күндө чакан жана орто ишкердиктин Казакстандын ИДӨдөгү үлүшү 25 пайызга жеткенин айткым келет. Көптөгөн стратегиялык документтерде бул көрсөткүчтү 50 пайызга чейин жеткирүү көздөлгөн.