Актау Конвенциясы: Борбор Азия мамлекеттери

Актаудагы саммитте Каспийдин укуктук макамы тууралуу Конвенцияга кол коюулуусу Борбор Азия аймагына чет өлкөлүк инвестиция агымын күчөтүүгө таасир бериши мүмкүн. Казакстандын Тунгуч Президентинин Фондунун алдындагы  Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчилери ушундай пикирде. Алардын айтымында, көп жактуу эффективдүү эрежеге негизделген келишим менен Каспий жээктериндеги беш мамлекеттин бардыгы утат. Ушуга кошо, аталган документтин Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да экономикалык пайдасы болоору анык.

ЖУМАБЕК САРАБЕКОВ, ДЭСИНИН СЕРЕПЧИСИ:

- Конвенциянын кабыл алынуусу Каспий аймагындагы жана Борбор Азия өлкөлөрүнө келе турган инвестиция көлөмүнүн жогорулашына алып келээри шексиз. Анткени кийинки кезекте инвесторлордун назары Казакстанга эле эмес, Түркмөнстанга, башка да коңшу мамлекеттерге тартыла баштайт. Менимче, Конвенцияны кабыл алуудан мультипликативдик таасир чоң болот. Ал Борбор Азия өлкөлөрүнө инвестиция агымын күчөтөт.

Каспий деңизинин аброю тууралуу Конвенция инвестициялык тармактан башка, борбор азиялык мамлекеттердин соода-экономикалык байланыштарына да оң таасир берет. Казакстандык серепчилердин пикиринде, документ биринчи кезекте, аймак өлкөлөрүнүн ресурстук-транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Анын ичинде Европа рынокторуна жүк транзити артат.

ЖУМАБЕК САРАБЕКОВ, ДЭСИНИН СЕРЕПЧИСИ:

- Казакстан жана Түркмөнстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүнө Актауда кол коюлган Конвенция, башка да келишимдер оң таасир берет деп ойлойм. Мисалы, аймактагы башка мамлекеттер Каспий деңизи аркылуу Европа рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышат. Анткени бул арзан, сапаттуу жана тез. Ошондуктан Конвенциянын кабыл алынуусунан жалпы Борбор Азия аймагы утат дегенге негиз бар. Биринчиден, Каспий аймагында аскерий-саясий туруктуулук камсыз кылынат. Экинчиден, бардык өлкөлөр үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөр ачылат. Үчүнчүдөн, Актаудагы саммитте тиешелүү Конвенция менен келишимдерге кол коюулуусу Каспий транзиттик аймагынын жигердүүлүгүн арттырат. Мындан Борбор Азиялык ар бир мамлекет пайда көрөрү анык.