Казакстанда 20 миллион тоннадан ашуун дан жыйналат

Быйыл Казакстанда 20 миллион тоннадан ашуун дан жыйноо көздөлүүдө. Айыл чарба министрлигинин божомолу боюнча, 2016-жылкы рекорддук көрсөткүчтү кайталоого республиканын мүмкүнчүлүктөрү арбын. Акмола облусунда 5,5 миллион тоннадан ашуун дан орулат деп күтүлүп жатат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө аймакта эгин жыйноо жараянына кызуу даярдык жүрүүдө. Быйыл аймакта 5 млн гектар жерге эгин себилген болсо, анын басымдуу бөлүгүн буудай даны ээлейт. Бул облуста салттуу түрдө себиле турган эгин. Аны менен бирге, ушул жылы аймак дыйкандары майлуу жана тоют талааларын кеңейтүүнү туура көрүшкөн.

МАЛИК МЫРЗАЛИН, АКМОЛА ОБЛУСУНУН АКИМИ:

- Аймактагы эгин талаалары ар тараптандырылган. Басымдуулук берилген дандуу өсүмдүктөрдүн аянты 150 миң гектарга кеңейди. Акыркы эки жылда элиталык уруктарды себүүнү 1,8 пайызга көбөйттүк. Минералдуу жер семирткичтер себилген талаалар эки эсе кеңейди.

Казакстандык окумуштуулар элиталык уруктарды климатташтырып, жергиликтүү аба ырайына, ар кандай температурада өсүп-өнүгүүсүнө ыңгайлаштыруу иштерин жүргүзүштү. Мисалы, Акмола облусунун Буланды районунда быйыл 200 миңден ашуун гектарга дан себилген. Анын 95 гектары ушул агрофирмага тиешелүү. Бул жердеги адистер өсүмдүк чарбачылыгынан башка, эттүү мал чарбачылыгы менен алектенишет, малды байлоо аянты да иштейт.

АРМАН ҚУДАЙБЕРГЕНОВ, ЧАРБАЧЫЛЫК МҮДҮРҮ:

- Мамлекет тарабынан колдоо жакшы. Субсидиялоо, ар тарапташтыруу багытындагы тыкыр ойлонуштурулган мамлекеттик саясат жаңы өсүмдүктөрдү себүүгө шыктандырат. Техника жеткиликтүү. Инвестициялык субсидиялар техникабызды өз мезгилинде жаңыртып турууга мүмкүнчүлүк берет.

Казакстандык буудайдын сапаты жогору, ошондуктан чет өлкөдө суроо-талапка ээ. Бул багытта республиканын дан менен даяр өндүрүштөрдү ташуу жана жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү жогорулап жатат. Темир жол багыттары менен Курук портунун мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү. Ал эми казакстандык чарбалар жетишкендиктери менен токтоп калбай, өндүрүш көлөмүн жогорулатууга  көңүл бурушат. Бул милдетти аткарууда алар жаңы технологияларга ишеним артып жатышат. Жаңы ыкмалардын жардамы менен  өндүрүштөрдү көбөйтүүгө, топурактын сапатын жакшыртууга болот. Натыйжасында, Казакстан айыл чарба өндүрүштөрүнүн  дүйнөлүк рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыра алышат. Эгинди чабуу  үчүн жалпы 8 жарым миңден ашуун комбайн менен башка да техникалар даяр турат.