Казакстандын инвестициялык тартымдуулугу

Казакстандын инвестициялык тартымдуулугуна таасир бере турган негизги шарттар: ыңгайлуу географиялык жайгашуусу, эффективдүү долбоорлор жана инвесторлорго сунушталган жеңилдиктер. Бүгүнкү күндө экономиканын бардык тармактарында капитал салымдарынын өскөндүгү байкалууда, дешет серепчилер. Бул багытта аймактардын жигердүүлүгү жогору. Мисалы, Актөбө облусунда эле 23 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Тартылган каражаттын жалпы суммасы 250 млрд теңге. Эң ири долбоорлордун катарында газ иштетүү заводунун курулушу жана алтын комплексинде салына турган тоо-кен байытуу комбинатынын долбоору бар. 9 долбоор ишке ашуу үстүндө. Ал эми металл конструкцияларын бекемдөө жана  силикат өндүрүштөрүн, акиташ өндүрүүчү ишканалар, курамында хром бар калдыктарды иштетүү цехи сыяктуу долбоорлор туруктуу негизде иштеп жатат.

РУСЛАН ОРАЗГАЛИЕВ, ОБЛУСТУК ИИД БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Актөбө облусунун индустриялык аймагында азыркы тапта 14 долбоор  ишке ашырылууда. Облуста инвесторлорго ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бул жерде суу, керектүү инфраструктура тартылган.

Республиканын зор инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө Кипрдин алдыңкы курулуш компанияларынын бири кызыгуу артып жатат. Фирма Астанада өз кеңсесин ачууга киришти. Анын башчысы Ахмет Нояндын айтымында, борбордо компаниянын кеңсесин  ачуу Кипр менен Казакстан ортосундагы байланыштарды  кеңейтүүгө, өнөктөштүктүн  жаңы багыттарын аныктоого жол ачат. Экинчи жагынан, көп кабаттуу имараттар менен турак жай комплекстерин куруу тармагында тажрыйба менен билим алмашууга мүмкүнчүлүк берет.

АХМЕТ НОЯН, ТҮНДҮК КИПРДИН КУРУЛУШ КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Түндүк Кипр үчүн Казакстан инвестиция кылып, кызматташтык чөйрөсүн кеңейте турган жаңы аянт. Заманбап шаар салуу үчүн курулуш компаниялары  тынымсыз эмгектенишкени көрүнүп турат. Кипр менен Астана аба ырайы менен гана айырмаланат. Шаар ушул жигердүүлүк менен өнүгө турган болсо, алдыдагы 10-15 жыл ичинде Астана дүйнөдөгү белгилүү шаарлардын катарына кошулуусу толук мүмкүн деп ойлойм.