Казакстанда өндүрүштүн өскөнү байкалды

Казакстанда ушул жылдын 7 айында өнөр жай өндүрүшүнүн үлүшү 5,1 пайызды түздү. Профилдик мекемеден белгилешкендей, өсүү жигердүүлүгү тоо-кен казуу жана кайра иштетүү тармактарында байкалды. Металлургия жана жеңил өнөр жай тармагы да артта калган жок. Өндүрүштүн чукул өсүшүнө рыноктогу суроо-талаптардын калыбына келүүсү жана жаңы экспорттук рыноктордун ачылуусу таасир берди. Мисалы, химиялык өнөр жайда сары фосфорду иштетүү 57 пайызга өскөн. Жылдын башынан бери 52 миң тонна өндүрүлгөн. Мындай жогорулоого ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана жакынкы чет өлкөгө жеткирүүлөрдүн өсүшү түрткү болду.

АЛМАС БАТАНОВ, КР ИӨМ  КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Жылдын аягына чейин «Пустынное» алтын алуу фабрикасын ишке кошуу жана кийинки жылы жезди өндүрүүнү 2 эсе жогорулатууга түрткү боло турган, Жезказгандагы темир ээритүүчү заводунун экинчи мешин ишке кошуу көздөлүүдө.

Мындан сырткары унаа куруу багытында да жигердүүлүк байкалууда. Ал азыркы тапта 16 % түздү. Казакстанда сатылган ар бир 2-унаа ата мекендик өндүрүш.