Венгрияда Түрк элдеринин кезектеги курултайы өттү

Мажарстандын Бугац шаарында түбү бир, тамыры жалпы элдеринин кезектеги курултайы өттү. Ири жыйынга чогулган 30га жакын делегациянын катарында казакстандык топ да болду. Бугацтын Аттилла аянтында майрамдык парад уюштурулду. Ошондой эле, иш-чара алкагында катышуучулар жаа атуу сыяктуу байыркы спорт түрлөрү боюнча жарышышты. Буга кошо, илимий конференциялар, улуттук музыкалык концерттер, шаман ырларынын кечеси курултайдын маңыздуу өтүшүнө себеп болду. Казакстандан барган делегация өкүлдөрү Венгрия менен ортодогу тарыхый, маданий жана экономикалык байланыштарды жыл сайын бекемдеп келе жатканын белгилеп өтүштү. Мындан сырткары, Казакстанда ачылган эзелки гундардын тарыхы менен маданиятын изилдей турган борбордун ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти.

ЛАСЛО КЕВЕР, МАЖАРСТАН ПАРЛАМЕНТИНИН СПИКЕРИ:

- Курултайдын катышуучуларынын бардыгы Аттила баатырдын урпактары. Мажарлар батышка жер которгон чыгыш эли. Баарына белгилүү болгондой эле, биздин ата мекен – Орто Азия. Түрк элдеринин курултайы тарыхыбызды бурмалагысы келгендерге арналган кайрылуу экенин айткым келди.