Казакстандын ИДӨ көлөмү 4 % түздү

Казакстандын ИДӨсү быйылкы жылкы жети айдын жыйынтыгы боюнча 4 пайызды түздү. Ал эми акыркы 7 айда өлкө бюджетине 4 трлн 264 млрд теңге каражат түшкөн. Жалпы өсүш – 116 пайыз. Улуттук экономика министрлигинин маалыматына ылайык, аталган мезгилде Казакстанда 7 миллиард теңгеге жакын түз чет өлкөлүк инвестиция тартылган. Бул 2017-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 24,4 пайызга жогору.

ТИМУР СҮЛЕЙМЕНОВ, КР УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИ:

- Алдыдагы жылдын үчтүн жана теке айларынын жыйынтыгы боюнча ИДӨ 4 пайызды түздү. Экономиканын өсүшүнө инфляциянын төмөндөшү, жогорку инвестициялык жигердүүлүк жана экономиканын негизги тармактарында оң динамиканын сакталуусу түрткү берди. Эң төмөн  инфляция деңгээли жыл бою сакталды. Жыл башынан бери ал 2,7 пайызды, ал эми  жылдык инфляция 5,9 пайызды түздү.

Ошондой эле, тышкы соода жүгүртүүсүндө да өсүү жараяны сакталууда. Мисалы, биринчи жарым жылдыктагы өсүш 16,3 пайызга барабар. Экспорт көлөмү - 21,8 пайызга, ал эми импорт - 7,8 пайызга өскөн. Иштетүү сектору жана айыл чарбачылыгында, ошондой эле унаа комплексинде да оң көрсөткүчтөр болду. Быйылкы жети айдын жыйынтыгы боюнча Казакстан аркылуу контейнерлик жүк ташуу көлөмү жогорулаган. Унаа кызматынын кирешеси 17,5%га жетип, 1,5 трлн теңгени түздү.

ЖЕҢИС КАСЫМБЕК, КР ИНВЕСТИЦИЯЛАР ЖАНА ӨНҮГҮҮ БИРИНЧИ ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Жети айдын жыйынтыгы боюнча Казакстан аркылуу 251 миң контейнер ташылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 40 пайызга өскөн.

Ал эми Кытай-Европа багыты боюнча 144 миң контейнер жүк ташылган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 63 пайызга көп.