2020-жылга чейин «Кургак портту» өнүктүрүүгө 500 млн доллар инвестиция тартылат

Казакстан-Кытай чек арасындагы «Хоргос-Чыгыш дарбазасы» атайын экономикалык аймагында жайгашкан «Кургак порт» Казакстандын батышындагы «Курык» порту менен тыгыз иштешет. Бул өлкөнүн  транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн арттырып, жүк ташууну тез жана ыңгайлуу кылат. Ушундай жагдайда Кытайдан Казакстан аркылуу Европа, Борбор Азия жана Кавказ жүк ташуулары эки эсе көбөйөт.

ЖАСУЛАН ХАМЗИН, «КТZE KHORGOS GATEWAY» ЖЧК БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Бүгүнкү күндө Кургак порт Кытайдан күн сайын 6-7 контейнерлүү поездди кабыл алат. Өткөн жылы болжол менен 100 миң 20 футтук эквивалент иштетилип, кургак порт аймагында жүктөлгөн. Быйыл жарымы болжол менен 65 миң жыйырма футтук эквивалент иштетилди. Жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү 240 миң эквивалентке жеткирүү көздөлүп жатат.

Бүгүнкү күнү кургак порттун аймагында 2 убактылуу сактоо кампасы иштеп жатат. Ар бири 5 миң чарчы метрден жерди ээлейт. Анын бир бөлүгүн ири компаниялар пайдаланууда. Анткени алар жүктү кыска убакытта көздөгөн жерине жеткирүүгө кызыктар. Кытайдан Европага жүктөрдү деңиз менен жеткирүүгө 40 күн кетет, ал эми темир же унаа жолдору менен болгону 2 жума керектелет.

ЖАСУЛАН ХАМЗИН, «КТZE KHORGOS GATEWAY» ЖЧК БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Кургак порттон жүктөлгөн жүктөр Өзбекстанга жеткирилет, Кыргызстанга жакшы көлөм кетет. Жакында Түркияга жөнөтүлө баштайт. Ошондой эле, Казакстан аймагы аркылуу транзит менен контейнерлик поезддер алкагында Европага да жүктөр жеткирилмекчи.

«Кургак порттун» ачылганына быйыл 3 жыл болду. Ушул убакыттын ичинде бул жерде иштетилген жүк көлөмү 8 эсе өстү. Бүгүнкү күнгө чейин бул жерде 211 миңден ашуун  контейнер кабыл алынып жөнөтүлгөн. 2020-жылга чейин жүктөрдү кабыл алып-жөнөтүү көлөмүн 500 миң жүк контейнерге жеткирүү көздөлүүдө. «Кургак порт» жайгашкан «Хоргос-Чыгыш дарбазасы» атайын экономикалык  аймагынын көлөмү 4,5 миң гектардан ашат. Азыркы тапта анын 680 гектарына инфраструктура тартылган. Калган жер резервде турат. Кургак порттон башка бул жерде логистикалык жана индустриялык аймак бар. Азыркы убакытта иштетилип жана жем азыгын чыгара турган алгачкы  заводдордун курулушу жигердүү жүрүп жатат.

ЖЕҢИСБЕК ЖУТАНОВ, «ХОРГОС-ЧЫГЫШ ДАРБАЗАСЫ» АЭА АППАРАТ БАШЧЫСЫ:

- Азыр биздин долбоорубуздун экинчи этабы башталды. Экинчи мезгилде - ушул аймакты инвестициялык долбоорлор менен толтуруу керек. Мамлекет инвесторлорго бардык шарттарды түзүп берген. Бул салыктык, бажылык жеңилдиктер.

2020-жылга чейин «Кургак портту» өнүктүрүүгө 500 млн доллар инвестиция тартылат.