Курамында кургак сүт бар улуттук суусундуктар Түркистанда өндүрүлмөкчү

Улуттук өндүрүмгө басым жогору. Казакстандык бизнесмендер төө жана бээ сүтүн иштетүүчү кургак сүт чыгара турган жаңы ишкана ачып, андан ары ишти кеңейтүүнү максат кылышууда. Мисалга алсак, курамында кургак сүт бар улуттук суусундуктар Түркистанда өндүрүлмөкчү. Завод күз айларында ишке берилет. Ал эми бештин айында толук кубаттуу өндүрүшкө өтөт. Заводдо күнүнө 100 тонна төө сүтү кабыл алынып, андан кургак сүт чыгарылат. Долбоордун инвестициялык наркы 7,5 млрд теңгени түзөт.  Даяр өнүм чет өлкөлөргө да чыгарылат.

ЖАЗИРА ОЗАТ КЫЗЫ, ЗАВОД МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Азыр өндүрүштү Кытайга, андан соң Европа өлкөлөрүнө, АКШ, Австралия сыяктуу мамлекеттерге экспортко чыгаруу планы бар.

Казак элинин тамак түрлөрүн ири өндүрүшкө өткөрүүнү каалаган ишкерлер казактын улуттук тамактары мамлекеттик брендге айлана алаарына ишенишет. Экологиялык таза, табигый баалуулуктары сакталган, ден соолукка пайдалуу өндүрүштөргө ар убакта суроо-талап бар. Бир нөөмөттө эки тонна быштак өндүрүлүп жаткан Павлодардын сүт иштетүү заводунун жетишкендиктери буга далил.

ЛЮДМИЛА СВЕРДЛОВА, ТЕХНОЛОГ:

- Биз курутту жыпар жыттуу зире, мурч, туз кошуп жасайбыз. Таттуу, кычкыл түрлөрү да бар. Табигый баалуулуктары сакталып, турпаты да өзгөчө. Алдыдагы планыбыз сатыкка кызыл быштак жасап чыгаруу.

Рынокко чыккан алты жылдын ичинде бул завод өндүрүштүн жүзгө жакын түрүн өндүргөн. Ата-баба кесибин улантып, заманга ылайыкташтыра билген ата мекендик ишкерлер улуттук өндүрүштүн кеңири  өндүрүшүн жолго салып, уникалдуу өндүрүшчү аталууга болот дешет.