Казакстан-Ооганстан өнөктөштүгү

Ооганстандагы туруктуулукту камсыз кылуу Борбор Азия өлкөлөрү үчүн негизги багыт болууда. Бул үчүн туруктуу экономиканы калыптандыруу керек. Ооган өлкөсүнүн өнүгүшүнө Казакстан да өз салымын кошуп жатат. Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү өсүүдө. Быйылкы көрсөткүч жогорулап, өткөн жыл менен салыштырганда 180 млн долларга жеткен. Ооганстанга жөнөтүлө турган казакстандык товарлардын экспорту да өскөн. Эки жактуу өнөктөштүктүн келечеги тууралуу Астанада өткөн жыйында сөз болду.

ХУМАЮН РАСАВ, ООГАНСТАНДЫН СООДА ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ МИНИСТРИ:

- Биздин соода көрсөткүчүбүз өсүүдө. Өкүнүчтүүсү, бул туруктуу эмес. Ошондуктан биз ишкердик мүмкүнчүлүктөрдү талкуулап, соода көлөмүн жогорулатууну көздөп жатабыз. Казакстанда инвестицияга мыкты мүмкүнчүлүктөр бар. Инвестициялык кырдаал да жакшы. Ошондуктан биздин инвесторлор ушул жакка келип, долбоорлорду ишке ашырууга даяр. Ооганстандык компаниялар да биргелешкен ишканаларды куруу боюнча казакстандык бизнес өнөктөштөрдү күтөт.

Ошондой эле, жолугушуунун алкагында логистика, транзит жана бажылык жол-жоболоштуруу маселелери да талкууланды. Азыркы тапта Ооганстан Казакстандан 24 товар түрүн импорттойт. Алдыңкы мезгилдерде бул тизмелерди кеңейтүү көздөлүүдө.

МОХАММАД РАБИ НАБИЗАДА, ООГАНСТАНДЫН СООДА ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ МИНИСТРЛИГИНИН ӨКҮЛҮ:

- Ооганстанда Казакстанга импорттоого багытталган бир катар товарлар бар. Тизмеде кургатылган жемиш, ооганстандык килемдер, асыл таштар, мрамор бар. Ооганстан Казакстан рыногуна товарларын чыгаруунун жаңы жолдорун табууну пландап жатат. Бул өз учурунда өлкөлөр арасындагы соода көлөмүн өстүрөт.