Өзбекстан казак инвесторлору менен тыгыз иштешүүгө даяр - Kazakh TV

Өзбекстан казак инвесторлору менен тыгыз иштешүүгө даяр. Бул тууралуу Ташкентте өткөн чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлордун сунуштарын ачык талкуулоо аянтында айтылды. Бүгүнкү күндө системалуу иштин натыйжасында эки өлкө аймагында бир нече биргелешкен ишкана иштеп жатат. Алдыдагы убакытта эки өлкөнүн машина куруу тармагы мындан ары жанданат. Жыйында Өзбекстандагы эң ири машина куруу жана айыл чарба техникалары менен электр жабдыктарын чыгара турган компаниялар өздөрүнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Бир гана «Узавтосаноат» ишканасы 2021-жылга чейин жалпы суммасы 290 миллион АКШ долларынан ашкан 10 инвестициялык долбоорду ишке ашырат. Анын ичинде унааларга керектүү кошумча бөлүктөр менен жеңил унаанын жаңы түрүн чыгаруу да бар. Ушул мезгилге чейин Казакстанга жеңил унаа экспорттоп келген  өзбекстандыктар, эми казакстандык ишкерлерди биргелешип иштөөгө чакырышты. Ушуга кошо Президенттин жарлыгы менен баш оона айынан баштап Өзбекстанда чет өлкөлүк капиталы бар ишканаларды куруу жеңилдетилди.

БАХОДИР РАХМОНОВ, «УЗАВТОСАНОАТ» АК СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНДОО БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Албетте Казакстанданбы, же башка да өлкөлөрдөн келеби,  жалпы инвестиция кылуучулар болсо биз алар менен тыгыз байланышты орнотууга даярбыз. Долбоорду алгач бирге отуруп талкуулайбыз, мүмкүнчүлүктөрүн анализдеп, кызыгуу болсо бирге иштөөгө даярбыз. Зарылчылык болсо, бардык жактан колдоо көрсөтөбүз.

НОДИР АБДУЛЛАЕВ, ӨЗБЕКСТАН ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КОМИТЕТИНИН ИНВЕСТИЦИЯЛЫК БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Биз бүгүнкү иш-чараны өткөрүү аркылуу ошол мүмкүнчүлүктөргө бирге чыгуунун жолун караштырдык. Буга кошо ушуга кызыгуу жаратып жаткан инвесторлордун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну көздөп жатабыз.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии