Аркалык шаарындагы эт иштетүү комплекси ишке кошулат

Казакстандык эт кластерин өнүктүрүүгө Костанайдын кошо турган салымы көп болот. Бүгүнкү күндө Аркалык шаарындагы эт иштетүү комплексин ишке кошуу колго алынган. Колбаса өндүрүштөрү менен консерваланган эт чыгара турган жаңы өндүрүш жайы алдыдагы тогуздун айында ишке кирет. Ишканада күнүнө 50 баш мал союлуп, жылына бир миң тонна өнүм өндүрүлөт деп күтүлүүдө.

КАЙРАТ ЖИЕНБАЕВ, ТИЛКЕ БАШЧЫСЫ:

- Бул жакта мал союлат. Ал эми ушул жерде ичеги-карын тазаланат. Бул жерде тери кампасы болот. Мына булар болсо муздаткычтар. Күнүнө 50 мал союлат деп жатабыз. Колбаса жана консерва цехи болот.

Белгилей кетсек, эт комбинаты толук долбоордук кубаттуулукка эки жылдан кийин кошулат. Бул жалпы Костанай облусундагы үчүнчү ири ишкана.

РАСУЛ МУКАНОВ, ИШКАНА БАШЧЫСЫ:

- Азыр колубуздагы майда жана ири кара малдын саны комплекстин туруктуу иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берет. Биз Торгай аймагынан жакынкы Караганды жана Акмола облустарынын малын сатып алабыз.

Азыр комплекстин курулуш иштери аяктап калды. Долбоор боюнча, колбаса жана консерваларды даярдоого арналган жабдыктарды монтаждоо иштери баш оона айынын ортосунда башталат. Комбинат тогуздун айында ишке кошулат.