Түркестандын экономикалык өнүгүүсү - Kazakh TV

Түркестан шаары облустун гана эмес, бүткүл республиканын ири өнөр жай-логистикалык борбору болууга аракет кылууда. Шаарда индустриялык аймактын аянтын 300 гектарга чейин кеңейтүү көздөлүп жатат. Белгилей кетсек, азыр ал жерде ондогон ишкана иштеп жатат. Атаандаштыкка туруктуу товар түрүн өндүрүп жаткан ошондой заводдордун бири Казакстан боюнча өтө белгилүү. Түркестандык эмерек фабрикасы жыл сайын 35 миңге жакын уктоочу бөлмөгө  эмеректер жана ашкана эмеректерин талап кылуучуларга жеткирет.

АМИРЖАН ЫСКАКОВ, ЭМЕРЕК ФАБРИКАСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Биз чийки затты Орусиядан алдырабыз. Ламинатты да. Фурнитуралардын бөлүктөрүн Кытайдан алдырабыз. Көп контейлер менен алгандыктан арзан түшөт. Мурда ушул жерден алчубуз. Эми күнүнө 100 комплект гарнитур чыгарабыз. 60 комплект ашкананыкы болсо, 40 комплект уктоочу бөлмөнүкү. Ал эми жылына 30-35 миң комплект гарнитур чыгарабыз.

Шаардын индустриялык аймагында дагы 15 ишкана бар. Алардын ичинде чет өлкөлүк инвестициялык долбоорлор жеткиликтүү. Өткөн жылы Түркестан ишкерлери 104 млрд теңгелик өндүрүш чыгарышкан.

АЛИПБЕК ӨСЕРБАЕВ, ТҮРКЕСТАН ШААРЫНЫН АКИМИ:

- Түркестанды базарлардын шаары  деп айтып келишет. Логистикалык шаар деп да айтсак болот. Жибек жолунун негизги бөлүгүндө жайгашкан шаар. Ал эми ишкердик тармагында кызмат көрсөтүп жүргөндөр да бар. Сүт өнүмдөрүнөн балмуздак чыгаруу, казактын айранын, сары майын, быштагын чыгарып жаткан цехтерин былтыр ишке кошконбуз. Биз Эл башчысынын кабыл алган мамлекеттик программа алкагында ишкерлерге толугу менен колдоо көрсөтүп, жумуштар көрсөтүлүп жатат дегенди билдирет.

Түркестанда бир-нече жылдын ичинде өндүрүш аймагын кеңейтүү көздөлүүдө. Ондогон завод менен фабрика салынып, чакан ишкердикти колдоо бир системага келтирилет. Сугат аймактарын кеңейтүү планы да бар. Жергиликтүү өндүрүштөрдү өткөрүү маселеси кыйынчылык жаратпайт. Сапаттуу товарларга республикада да, чет өлкөдө да суроо талап жогору. Логистикалык жана жүк ташуу жергиликтүү темир жол желелери менен «Батыш Европа – Батыш Кытай» транс улуттук унаа коридору аркылуу ишке ашат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии