Казакстан 2020-жылга карай жүк ташууларын 2 миллион контейнерге жеткирүүнү көздөп жатат - Kazakh TV

Казакстан 2020-жылга карай жүк ташууларынын көлөмүн 2 миллион контейнерге жеткирүүнү көздөп жатат. Бүгүнкү күнү республика аймактык ири транзиттик хабга айлануу багытында иштерди жүргүзүүдө. Бул жаатта «Нурлуу жол» мамлекеттик программасынын «Бир кур, бир жол» демилгеси менен айкалышуусу мааниге ээ, дешет адистер. Казакстан аймагы аркылуу өтө турган жүктөрдүн негизги бөлүгү Кытайдан Европага багыт алаарын белгилей кетүү кажет. Эске салсак, Ляньюньган портунан чыккан поезддер Борбор Азия аркылуу Түркияга жеткирилет. Аны менен катар, «Коргош-Чыгыш дарбазасы» кургак портунан жүктөр Кытайдын Чэнду шаарына жөнөтүлөт. КЭРдин түштүк-чыгыш провинцияларынан жүктөр Улуу Британияга 15-17 күндө жеткирилет. Өнүккөн инфраструктура, транспорт-логистикалык борбордуктан жүк терминалдарынын курулушу жана кеме токтоочу жайлардын кеңейиши Казакстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өз таасирин тийгизип жатат, дешет серепчилер.

ХО ГЁК ЧУ, HUMAN CAPITAL SINGAPOURE БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- «Бир кур-бир жол» демилгесин ишке ашыруу алкагында Казакстандын мүмкүнчүлүктөрү бизди шыктандырып жатат. Казакстандан Ляньюньган деңиз портуна 5 күндө, андан ары деңиз менен Сингапурга чейин 12 күндө жеткирилет. Бул АСЕАНга мүчө өлкөлөрдүн компаниялары үчүн Казакстан жана Борбор Азия рынокторуна чыгууга мүмкүнчүлүктөрдү ачат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии