Жамбыл облусунда 8 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда - Kazakh TV

Жамбыл облусунда индустриалдуу-инновациялык өнүгүү программасы боюнча быйыл 8 долбоор ишке ашырылат. Ушул максатта 16 миллиард теңгеден ашуун каражат бөлүндү. Эң ири долбоорлордун бири – ветеринардык вакциналарды чыгаруу заводунун курулушу. Белгилей кетсек, экинчи беш жылдыктын алкагында облуста 42 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу көздөлүүдө. Кошумчалай кетсек, 2 жыл ичинде мамлекеттик программа алкагында 23 долбоор ишке ашкан. Калган 19 2025-жылга чейин ишке кошулат.

БАКЫТЖАН АБЖАНОВ, ОБЛУСТУК ИИД БАШКАРМАСЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- План боюнча Тараз шаарында 4 долбоор жылдын аягына чейин эгерде убагында ишке аша турган болсо, 500дөн ашуун жаңы туруктуу жумуш орундары ачылат деп күтүп жатабыз. Калган долбоорлор Кордай, Моюнкум, Байзак райондорунда ишке ашырылат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии