Казакстан Азербайжанга экспортун көбөйттү

Казакстан жана Азербайжан ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү өсүүдө. Азербайжан Мамлекеттик бажысынын маалыматы боюнча, жарым жылдын ичиндеги товар жүгүртүүнүн көлөмү 116,5 миллион долларды түзгөн. 2017-жылга салыштырмалуу 42 миллионго көбүрөөк. Бул көрсөткүчкө эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук долбоорлордун ишке ашуусу түрткү болду.

ЧИНГИЗ ИСМАИЛОВ, КАСПИЙ ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Бул көрсөткүч дагы өсөт деп ишенем. Себеби, келечеги жана ресурстук мүмкүнчүлүктөрү өтө чоң. Казакстан өз жүктөрүн экспорттоодо ири экономикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Өлкө дан, көмүр, курулуш материалдары, мунай жана газ өнүмдөрүн өндүрүп, жеке эле аймак ичине эмес, аймактан сырткаркы рынокторго товарларын жеткирип келет. Жалпылап айтканда мүмкүнчүлүктөр өтө арбын.

Белгилей кетсек, жарым жылдын ичинде Казакстан Азербайжанга 93 жарым миллион доллар суммасында өндүрүш экспорттогон. Казакстан Азербайжандын негизги соода өнөктөштөрүнүн катарына кирди.

ВАХИД АХМЕДОВ, АЗЕРБАЙЖАН ПАРЛАМЕНТИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Чындыгында мүмкүнчүлүктөр өтө чоң. Биз товар жүгүртүүнү бир миллиард долларга жеткире алабыз. Казакстан Азербайжан сыяктуу көмүр суутектүү ресустарды өндүрүп экспорттойт. Ошондуктан бул өлкө бизге керек жана кызыктуу. Эки өлкө бирге ишке ашырып жаткан долбоорлор жана ишкердик мамилелердин жакшырышы маанилүү.

Белгилей кетсек, Казакстан Азербайжанга негизинен мунай, мунай заттарын, дандарды, кондитердик өндүрүштөрдү жана өнөр жай товарларын экспорттойт. Өз кезегинде Азербайжан Казакстанга тамак-аш өндүрүштөрүн жана жабдыктарды экспорттойт. Ошондой эле тарапташтар жөнөтүлчү товарлардын тизмесин кеңейтүүнү көздөөдө. Жакында экспорттоло турган товарлардын катарына дары-дармектер, суусундуктар жана металлургия товарлары кириши мүмкүн.