2025-жылга карай Казакстандагы мунай өндүрүү көлөмү жылына 104 миллион тоннаны түзөт - Kazakh TV

2025-жылга карай Казакстандагы мунай өндүрүү көлөмү жылына 104 миллион тоннаны түзөт. Мурдагыдай эле кара алтындын ири көлөмү казакстандык үч негизги жер - Тенгиз, Карачаганак жана Кашаган  кендеринен алынат. 4-компрессор жана 5-ички түтүк желесин куруу планда бар. Kazenergy ассоциациясынын башкы мүдүрү Асет Магауовдун айтымында, мунай-газ тармагы мурдагыдай эле түз инвестициялар үчүн тартымдуу багыттардын катары бойдон калууда. Мындан сырткары жаңы салык кодекси жана жер кендери боюнча кодекс, деңиз мунай чалгындоо жана өндүрүү багыттарына чет өлкөлүк каржыларды  тартууга себеп болот. Ошондой эле бул жылы Казакстанда экологиялык мыйзамды реформалоо каралган.

АСЕТ МАГАУОВ, KAZENERGY АССОЦИАЦИЯСЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Энергетика министрлигинде бөлөк жумушчу тобу түзүлгөн, экологиялык кодексти өзгөртүү көнцепциясынын долбоору да даяр.  Биз компаниябыз жана ассоциация мүчөлөрүбүз менен бирге сунуштарды кабыл алып, экологиялык кодексти реформалоо боюнча тийиштүү кеңешчилерди тартып жатабыз. Себеби, инвесторлордо экологиялык төлөм боюнча көп суроолору бар.

Белгилей кетсек, ушул жылы 3 мунай өндүрүүчү заводду жаңылоо жыйынтыкталат. Бул жаркын мунай өнүмдөрүн өсүшүнө себеп болот. Алдын ала божомолдоо боюнча, чийки затты кайра иштетүү миллион тоннаны түзөт.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии