Казакстандык автоунаа рыногунун өнүгүшү

Казакстанда унаа сатып алган ар бир экинчи адам ата мекендик унааны тандайт. Казакстандын автомобиль тармагынын ишканалар биримдиги башкармалыгынын төрагасы Олег Алфёровдун айтымында, казакстандык техникага болгон суроо-талап болжол менен 80 пайызга өсүп, 14 миңге жакын машина өз ээсин тапкан. Өлкө тургундары ата мекендик унаа сатып алуу үчүн 71 миллиард теңге төлөшкөн. Казакстандык авто унаа рыногунун өнүгүүсүнүн аркасында өлкө бюджетине түшкөн салык көлөмү да алгылыктуу өскөн. Акыркы жарым жылдын жыйынтыгы боюнча бул төлөмдөрдүн көлөмү 4 миллиард теңгеге жетип калат.

ОЛЕГ АЛФЁРОВ, «КАЗАВТОӨНДҮРҮШ» АВТОМОБИЛЬ ТАРМАГЫ ИШКАНАЛАР БИРИМДИГИ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Акыркы жарым жылдын жыйынтыктарын алып карасак, ата мекендик авто унаа сатылышы 2 эсе өстү. 15 миңге жакын техника чыгарылды. Алардын жалпы баасы 88 миллиард теңгеден ашты. Бул  былтыркы көрсөткүчтөн 67 пайызга көп.