Казакстан менен Орусия аймактары ич ара эффективдүү өнөктөштүгүн кеңейтүүдө - Kazakh TV

Казакстан менен Орусия аймактары ич ара  эффективдүү өнөктөштүгүн кеңейтүүдө. 2018-жылдын биринчи кварталында гана Костанай менен Челябинск облустарынын ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү 20 пайызга өскөн. Экспорт менен импорт ортосунда көрүнүктүү айырмачылык жок. Казакстандан Орусияга жөнөтүлгөн металлургия чийки заттарынын үлүшү жогору. Аны менен катар, азык-түлүк экспортунун үлүшү өсүп келет.

ТАТЬЯНА КУЗНЕЦОВА, СООДА КОМПАНИЯСЫНЫН АЙМАКТЫК МЕНЕДЖЕРИ/ОФ:

- Казакстандык компания менен он жылдан ашуун убакыттан бери иштешип келе жатабыз. Башында болгону өндүрүштү өткөрүү менен алектенсек, эми өз соода белгибизди пайдаланып, костанайлык фабрикада жаңы таттууларды чыгара баштадык. Узак жылдар бою кызматташтыгыбызга эч нерсе тоскоол болгон эмес. Жеткизилген товарлардын сапаты да жогору.

Челябинск шаарынын ири соода борборлорунда костанайлык таттууларга болгон суроо-талап жогору. Талап кылуучуларды таттуулардын даамы гана эмес, анын таңгагы да кызыктырат.

РАИСА САФАРОВА, ЧЕЛЯБИНСК ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Мен банан, лимон кошумчасы бар каремелди ар дайым сатып алам. Печенье, мармелад, мандарин бөлүктөрү өтө даамдуу. Мына сырты кооз жасалгаланган конфетти белекке алдым. Менин тааныштарым да ушул жерге келишет.

Азыр Челябинск облусунун аймагында Казакстан менен биргелешкен 130 ишкана иштейт. Ал эми, жаңыдан даярдалган жол картасы кызматташтыктын жаңы багыттарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, товар жүгүртүүнүн көлөмү да жогорулайт. Жаңы келишимде чыныгы долбоорлор менен аларды ишке ашыруу мезгилдери жазылган.

ДМИТРИЙ ГЛУХАРЕВ, ЧЕЛЯБИНСК ОБЛУСУНУН ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Челябинск облусунун өнүгүү стратегиясы бар, бизде да ошондой документ кабыл алынган. Экономикадагы өзгөрүүлөр ошол стратегиянын алкагында ишке ашат. Мисалы, биз өндүрүштүк курал-жабдыктарды өзүбүздө өндүрүүнү, санариптик технологияны киргизүүнү максат кылып жатабыз. Ошондуктан бул жаатта биргелешип иштөө өтө маанилүү. Менин оюмча, баары ойдогудай болуп, ишибиз ийгиликтүү болот.

Ушул жылдын алты айынын ичинде Тобол аймагынан Челябинск облусуна ун экспорту 22 пайызга өскөн. Ал эми Казакстандык сүт өндүрүүчүлөрдүн экспорту 7 пайызга, өсүмдүк майынын коңшу өлкөгө сатылышы 8 эсе өскөн.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии