Осетр заводдору 20 жылда 140 миллион осетр өстүрүшкөн

Казакстан ири осетр өндүрүүчүлөр катарына кошулууну көздөп жатат. Ушул максатта Атырау заводдорунда бир нече жылдан бери баалуу балык тукумдары өстүрүлүп келет. Жыл сайын фондду толтуруу максатында ар бир ишкана 7 млн балык тукумун деңизге чыгарат. Ал эми, соңку 20 жыл ичинде бардыгы 140 миллион чабак өстүрүлүп, деңизге коё берилген.

МАЙРА ЗУЛКАШЕВА, ЗАВОДДУН БАШКЫ БАЛЫК ӨСТҮРҮҮЧҮСҮ:

- Биз балыкты Оралдын суусунда өстүрөбүз. Бул алардын башка суу көлмөлөрүндө тез өздөштүрүлүп, кийин деңизге жиберилгенде чыдамкай болушу үчүн жасалат. Бул чабак жакшы салмак кошкон. Анын аркасы менен ал деңизге тез көнүп кетет.

Бүгүнкү күндө аймактардагы балык өндүрүүчү заводдордо жаңыртуу иштери жүрүп жатат. Заманбап, эң башкысы эффективдүү өндүрүш ийгиликтүү осетр өстүрүүнүн негизги фактору болуп келет.

АДИЛГЕРЕЙ КАЙРАЛАПОВ, АРДАГЕР ИХТИОЛОГ:

- Окумуштуулардын айтымында, 1-1,5 пайыз промбазага балык чоңоюп келет экен. Бизден 150 миллиондой чабак кетти деп эсептеймин. Анын 150 миң даанасы кайтадан келиши керек.

Заводдордо жаңыртуу иштери толук жүргүзүлгөндөн кийин чектелген суу менен жабдыктоо системасы орнотулат. Бул суунун температурасын көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк берет. Жаңы технологиянын негизинде балык өстүрүүчөр деңизге 7 млн эмес, 12 млн чабак жиберүүнү пландап жатышат.