Атайын экономикалык аймактарды өнүктүрүү - Kazakh TV

Атайын экономикалык аймактардын иштерине электрондук соода жана блокчейн технологияларды жигердүү киргизүү керек. «FEMOZA – Бүткүл дүйнөлүк атайын экономикалык аймак федерациясынын» президенти Хуан Торрентс ушундай оюн ортого салды.  Астанада атайын экономикалык аймактар катышуучуларынын IV съездинде «Жаңы Жибек жолунун санариптик парктары» аттуу долбоору да тааныштырылды. Анын алкагында Казакстан электрондуу соода борбору катары караштырылды.

ХУАН ТОРРЕНТС, «FEMOZA – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АТАЙЫН ЭКОНОМИКАЛЫК АЙМАК ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН» ПРЕЗИДЕНТИ:

- Казакстан керектүү инфраструктурасынын өнүгүүшүнө өз салымын кошот. Анткени Казакстан өтө ийгиликтүү жерде жайгашкан. Бул сиздердин өлкөрүңүздөгү атайын экономикалык аймактардын артыкчылыгы деп ойлойм. Ушуну эффективдүү колдонуу керек. Аймктардын ишине жаңы технологияларды киргизүү кажет.

Ошондой эле жыйында бажы иштерин жеңилдетүү чаралары, ЕАЭБтин жалпы бажылык жеңилдиктерине таасири сыяктуу маселелер боюнча сөз болду. Азыркы тапта Казакстанда 11 атайын экономикалык аймак иштейт. Алар өлкөгө чет өлкөлүк инвестиция тартууга шарттарды жасап келишет. Жалпы атайын экономикалык аймактар түзүлгөндөн бери 170тен ашуун долбоор ишке кошулуп, 14 миңге жакын жумуш орду түзүлгөн.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии