KASEде соода-сатыктын өсүшү - Kazakh TV

Казакстандык компаниялар өз тартымдуулугун артырууда. Ата мекендик ишканалардын акцияларына суроо талап өсүп жатат. 2018-жылдына биринчи жарымында баалуу кагаздар соода-сатыгы 2 эсеге өсүп, жарым миллиард тенгеге чейин жакындады. Өз акцияларын 7 жаңы ишканалар сатышты. Балуу кагаз ээлери  23 пайыздан 65 пайызга чейин киреше алышты. KASE серепчилери бул өсүш дагы да уланат, деген пикирде.

АНДРЕЙ ЦАЛЮК, “КАЗАКСТАНДЫК ФОНДДУК БИРЖА” АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН  ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Эгерде бир нерсе чындыгында эле кызыктуу болсо, инвесторлор да ушул нерсеге маани беришет. Мен бул эмне үчүн тартымдуу экендигин кошумчалагым келдим. Себеби 2-3 жылдан кийин дипозиттерге жана кыска каржы куралдарына болгон талаптар өтө төмөн деңгээлде болот. Мисалы, жылына 6%. Бул жерден Каржы министрлигинен кагаз сатып алып, кирешени жогорулатса болот.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии