Казакстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрү - Kazakh TV

Казакстан транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууда. 2020-жылга карай жүк ташуунун көлөмүн 2 миллион контейнерге чейин жеткирүү көздөлүүдө. Бүгүнкү күндө Кытайлык товарлардын көбү Европага Казакстан аркылуу жөнөтүлөт. Анткени, Ляньюньгандан чыккан поездер Борбор Азия менен Түркияны өтөт.  Кайра кайткан багытта да Кытай өлкөсүнүн Чэнду шаарына жүктөрдүн көп бөлүгү «Хоргос-Чыгыш дарбазасы» кургак портунан барат. Комплекстүү дализдик желеде Казакстан маанилүү тарап катары саналат.

ГАУХАР ТАПЕЛОВА, «KTZEXPRESS» АК ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Бул тейлөө борбордук бат жеткирүүнү талап калган жүктөргө арналган. Бул негизинен электроника жабдыктары, мода индустриясы жана калк талап кылган товарлар.

Казакстан транспорт-логистикалык инфраструктураны жаңыртуу максатында 30 миллиард долларга жакын каржы бөлгөн. Натыйжасында өлкө аймагы менен каттай турган жүк поездеринин  ылдамдыгы күнүнө 1100 чакырымга чейин жогорулады. Мисалы, Кытайдын Түштүк-Чыгыш аймагынан жөнөтүлө турган жүк 15-17 күндүн ичинде Улуу Британияга жетет. Алдыдагы жылдарда ылдамдыкты 1500 чакырымга чейин жогорулатуу пландалган. Ушул тапта өлкө ичинде жана чек ара сыртында жаңыдан логистикалык борбордун ачылаганын белгилей кетүү керек.  Ляньюньган портунда жайгашкан жаңы желесинин аймагы 220 миң чарчы метрди камтыйт. Терминал-логистикалык борбор Казакстандык өндүрүштүн Кытай жана Түштүк-Чыгыш Азия рыногуна  жол ачты.

САБЫРЖАН ЕРЖАН, «KTZEXPRESS» АК ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШКЫ МЕНЕДЖЕРИ:

- Бүгүнкү күндө казакстандык данды жөнөтүү  боюнча тиешелүү иштер жигердүү түрдө аткарылып жатат. Ляньюньган 2016-жылы КЭРдагы буудайды транзит аркылуу ташуу укугун алган жалгыз порт.

Азыркы убакытта Кытай менен чектеш «Хоргос-Чыгыш дарбазасы» эркин соода аймагы менен Астана жана Чымкентте, Актау жан Курык портторунда казакстандык терминалдар орнотулган. Ошондой эле, Индия жана Иран өлкөлөрүндө куруу көздөлүүдө. Серепчилердин айтымында, деңизге чыгуу жолу жок республика бул транспорттук тосколдуктарды айланып өтө турган чыныгы чечимдерди сунуштап жатат. Ушунтип Казакстан ири эл аралык транзиттик хаб катары танылууда.



Комментарии