Казакстан менен Орусия аймактарынын өз ара соода-экономикалык кызматташтыгы - Kazakh TV

Казакстан менен Орусия аймактарынын өз ара кызматташтыгы эки өлкө арасындагы соода-экономикалык байланыштардын мейкиндигин кеңейтишет. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Түндүк Казакстан облусу менен Орусия Федерациясынын ортосундагы товар жүгүртүү 25 миллиард теңгеден ашкан. Эки тарап арасында инвестициялык кызматташтык да бул жолго коюлган. Омск облусу жана Петропавл ишкерлери айыл чарба, химиялык иштетүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу бир нече тармакта жалпы долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу жөнүндө убадалашты. Бүгүнкү күндө, жалпы түндүккө Орусиялык капиталдын катышуусу менен  200гө жакын чакан-ири ишкердик объекти иштейт. Алардын бири тайгактан сакктануу үчүн материал өндүрүшү.

ВЛАДИМИР ТИХОВСКОЙ, ИШКЕР, ОМСК, ОФ:

- Биздин компания азыр тайгакка каршы жаңы инертүү материалдарды чыгара баштады. Эң башкысы экологияга терс таасирин тийгизбейт. Жаңы технология менен даярдалат. Эми аны Казакстан рыногуна чыгарууну ойлонуштуруп жатабыз. Келечекте жалпы чечимге келип, шериктеш болобуз деп ойлойм.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии