Казакстан-Швейцария: Инвестициялык кызматташтык - Kazakh TV

Швейцариялык бизнесмендер Казакстанга каржылык ишкердикти багыттап, казакстандык кесиптештери менен бирге долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар. Аталган тарап Казакстандагы «Бир кур, бир жол» программасынын алкагында ишке ашырыла турган долбоорлорго каражат бөлмөк. Ушул максатта Швейцариянын экономика, билим жана изилдөө министри Йоханн Шнайдер-Амманн баштаган бизнестин 20 чакты өкүлү Казакстанга келишти. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө 40га жакын швейцариялык компаниянын өкүлчүлүгү иштейт.

ЙОХАНН ШНАЙДЕР-АММАНН ШВЕЙЦАРИЯНЫН ЭКОНОМИКА, БИЛИМ ЖАНА ИЗИЛДӨӨ МИНИСТРИ:

- Өлкөлөрүңүздөрдөгү инвестициялык акыбалдын жакшы экендигин мурунтан билебиз. Себеби Казакстанга мындан 5 жыл мурун келгем. Экономиканы алдыга жылып жаңы программалар ишке ашырлып жатканына күбөбүз. Ошондуктан биздин да бизнесмендер эки өлкө үчүн эффективдүү долбоорлорду биргеликте колго алууга кызыктар. Жыйында көтөрүлгөн маселелерди өлкөбүзгө барып, министрлер менен талкуулайбыз. Андан кийин олуттуу кадамдар жасалат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии